Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Ч. Айтматовдун сегиз томдугуна суроо-талап чоң


"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт
"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт

“Бийиктик” басмасынан Айтматовдун кыргызча 8 томдугу, “Көгүлтүр экранга 50 жыл”, “Айкөл Манас”, “Бүбү Мариям”, “Рабаят” басылмалары жана маркум акын Доктуркан Маанаева тууралу китеп чыкмакчы.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кыргызча 8 томдугу “Бийиктик” басмасынан Эл аралык Айтматов клубу менен биргеликте басылып чыгып жатат. Ага жазылуу ушул жылдын апрель айынан башталган эле. Учурда Айтматовдун 8 томдугунан үч миң даана чыгып жатат. Ал эми жазылууну каалагандар дале көп болуп жатат, деди “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин Кадыров:

-Биздин окурмандарыбыз Айтматовдун кыргызча 8 томдугуна карата өтө чоң кызыгууларын билдирип жатышат. Биз чынында мындай жазылуу болорун күткөн эмеспиз. Окурмандарыбыздын өтүнүчтөрүн эске алып, жаңы жылдан кийин Айтматовдун 8 томдугун дагы басуу иштерин колго алабыз.

Ошондой эле аталган басмада учурда КТРде көп жылдардан бери иштеп келе жаткан акын жана журналист Рабиха Алыбаеванын “Көгүлтүр экранга 50 жыл” аттуу 30 басма табак көлөмүндөгү сүрөттүү эмгеги басылууда. Автордун айтымында бул эмгекти басып чыгаруунун башкы максаты – кыргыз телерадиосуна эмгеги сиңген ишмерлердин эмгегин белгилөө менен элге дагы кеңири жеткирүү:

Кесиптештерим белгилүү режиссер Балташ Каипов, дикторлор Роза Рыскелдинова, Жолдубай Каипов, Тамара Жаманбаева, КТРдин бир канча жыл жетектеген Умтул Орозова, Аманбек Карыпкулов жана башкалар тууралу буга чейин эле басма сөзгө жазып келдим. Мындай инсандардын чыгармачыл өмүр жолу тууралу көп окурмандар билгиси келет. Андыктан китеп кылып чыгарууну туура таптым.

Белгилүү акын Доктуркан Маанаева 2007-жылы 55 жаш курагында дүйнө салып кетти. Анын поэзиясы, драмалары кыргыз окурмандарына жакшы тааныш. Акындын кызы “Наристем” жаңы журналынын редактору Мээрим Мусаева Доктуркан Маанаева тууралу эскерүү китебин жана тандалмаларын чыгарып жатат:

-Апамды эскерүүгө арналган китепке апамдын калемдештеринин, замандаштарынын, тели-теңтуштарынын арноолору, эскерүүлөрү кирип жатат. Ал эми тандалмаларына – апамдын мурдагы жыйнактарынан, кийинки жарыялана элек чыгармаларынан кийирип жатабыз.

“Бийиктик” басмасынан дагы алдыда “Айкөл Манас”, “Бүбү Мариям” китептери жана жазуучу Сулайман Рыспаевдин балдар үчүн жазылган “Рабаят” китеби кайталанып басылып жатат.

XS
SM
MD
LG