Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:37

12-май: Окуялар жана фактылар


Бүгүн Кыргызстанда апрель ыңкылабында каза болгондордун кыркылыгын өткөрүү боюнча иш чаралар башталды. ”Ата Бейитте” куран окутулуп, Бишкектин Ала-Тоо аянтында эскерүү митинги өттү. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына К. Бакиевдин кармалбай жатканына нааразы болгондор жана Бишкектин мурдакы мэри Н. Түлеевдин таламын талашкан жүздөгөн адамдар чогулуп, Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнөн жооп талап кылышты.

7-8-апрелдеги Ак үйдүн алдында болгон кандуу каршылык акцияларында снайперлер аткан октон 85 адам каза болгон. Бир жарым миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган. Алардын бир бөлүгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюлган. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө Убактылуу өкмөт бир миллион сомдон бөлүп берген. Ошондой эле оор жаракат алгандар үчүн 100 миң сом, жеңил жаракат алгандар үчүн 50 миң сомдон материалдык жардам каралган.

Апрель ыңкылабында курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн Бишкектин "Жал" кичи районунда көп кабаттуу үй салынган жатат. Бүгүн ушул үйдүн жер пайын түптөө иш чарасы өтөт. Ошондой эле бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде 6-7-апрелдеги ыңкылап окуяларды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ишин баштады.

Ушул эле күнү коммунисттердин лидери Исхак Масалиев Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитет тарабынан кармалып, апрель окуялары боюнча көрсөтмө берип чыкты. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы И. Масалиевди 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу ачылган кылмыш иштердин негизнде күбө катары суракка алууга Улуттук коопсуздук кызматына алынып келингендиги жана кайра бошотулганын билдирди. Коммунисттердин лидерин чыгарып алуу үчүн УКМКнын имаратына анын төрт-беш жактоочусу кирип чыгышты.

И. Масалиев “Азаттыкка” өзүнүн кармалган себебин түшүнбөй калганын, коопсуздук кызматкерлери андан Москвага барган себебин, Орусиядагы Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов менен эмнелер тууралуу сүйлөшкөнүн сурады, деп билдирди.



Апрель курмандыктарын эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00

XS
SM
MD
LG