Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:06

23-август: Тарых барактары


Сталинград коргонуусу 1942-жылдын 23-августунда башталган.
Сталинград коргонуусу 1942-жылдын 23-августунда башталган.

Тынай бий уулу Атаке баатыр 1875-жылдын 23-август күнү орус императору Екатерина II кат жолдогон. Атаке баатырдын каты токтоо дипломатиялык мүнөздө жазылып, кыргыздардын империяга дайыма көмөктөшө тургандыгы жана Ташкенден багыт алчу кербендери орус өлкөсүнө жетишин камсыз кыла тургандыгы билдирилет. Мындан тышкары Атаке баатыр “Анын Улуу урматтуулугуна” кербен жөнөтүп, аны менен кошо бир арап, үч барстын жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулагандыгын кабарлайт.

Тынай бий уулу Атаке баатыр 1875-жылдын бул күнү Сибирь Аскер полкунун начальниги генерал Н. Г. Огаревге кат жолдогон. Атаке баатыр адагенде чыгыш калктарына мүнөздүү келген мактоо эпитетти колдонуп, ак падышаны ай менен күнгө теңеп, ага кызмат кылган генералды бийлик тиреги катары баалайт. Андан кийин үч барс жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулагандыгын кабарлап, Атаке баатырдын ага деген урмат-сыйын билдириш үчүн Абдрахман менен Шергазыны жибергенин билдирет. Каттын арткы бетине тамчы шекил ичине «Тынай бий абу Атаке батур» деп араб графикасында жазылган мөөр басылган.

Кыргыз элчилиги 1785-жылдын 23-августунда казак султаны Барактын уулу Букей султандын жайыты аркылуу Ыйык Петр чебине келишип, мындан Омскиге барышкан. Сибирдеги орус бийлиги кыргыз элчилигине жылуу мамиле жасап, аларга Петербургга барууга уруксат берген. Кыргыз-орус мамилелеринин тарыхый өнүгүү нугу көрсөткөндөй эки тарап тең саясий алакадан тышкары, ыңгайлуу соода базарын табууга далалат жасашкан. Кыргыздар Сибирь багытында соода өнөктөштөрүн табууга аракет жасашса, орус бийлиги Кытай жана Индия багытындагы соода жолун өздөштүрүүгө умтулган.

Улаколго конгон Атаке сарабагыштары менен арык тукумунан топтолгон миң түтүндөй кыргыз 1916-жылдын бул күнү жыйын өткөрүшүп, кыш түшө электе Кытайга качалы деп бир бүтүмгө келишкен.

23-август – Адам аткезчилигине каршы эл аралык күн. Бул күндү белгилөө демилгеси ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында көрөтүлүп, аталган уюмдун Аткаруу кеңешинин 150-сессиясында бекиткилген. ЮНЕСКО уюму БУУга кирген өлкөлөргө бул күнү ар түркүн ийримдерди өткөрүүнү сунуш кылат.

Римге бет алган варвардык уруулар 406-жылдын 23-августунда Флоренция алдында талкаланган.

Батыш Рим империясы варварлардын 476-жылдын 23-август күнкү чапкынынан улам талкаланган. Акыркы император Ромул Август тактан кулап, анын ордуна варвар Одоакр бийликке келген.

Тохтамыш хандын Москвага чапкыны маалында 1382-жылдын 23-август күнү коргонгон тарап биринчи жолу Орусия тарыхында артиллерияны колдонгон.

Иван Грозныйдын аскерлери 1552-жылдын 23-августунда Казань шаарын курчооого алышкан.

Гронинген университети 1614-жылдын 23-августунда негизделген.

Англис капитаны Жеймс Кук 1770-жылдын 23-августунда Австралияны Англиянын менчиги деп жар салган.

Франциянын революциячыл өкмөтү 1793-жылдын 23-августунда милдеттүү түрдө жалпы аскердик чакырууну жарыялаган.

Англия 1839-жылдын 23-августунда Гонконгду басып алышкан.

Австро-прусс согушун соңуна чыгарган Прага тынчтык келишимине 1866-жылдын 23-августунда кол коюлган. Прага келишимине жараша Венеция Италияга берилген.

«Победа» теплоходу 1928-жылдын 23-августунда сууга түшүрүлгөн.

Донбасстан алынып келген рубин жылдыздар 1935-жылдын 23-августунда Москва Кремлине орнотулган.

Германия менен Советтер Союзу ортосундагы кол салбоо келишимине 1939-жылдын 23-августунда кол коюлган.

Айтылуу Сталинград коргонуусу 1942-жылдын 23-августунда башталган.

Улуу Ата Мекендик согуш алкагында советтик армия 1943-жылдын 23-август күнү үчүнчү чабуул менен Харьков шаарын толук бошоткон.

Улуу Ата Мекендик согуштун алтын барактарына алынган айтылуу Курск салгылашы 1943-жылдын 23-августунда советтик армиянын жеңиши менен жыйынтыкталган.

Армения 1990-жылдын 23-августунда эгемендик алган.

Батыш жана Чыгыш Германия мамлекеттери 1990-жылдын 23-августунда биригүү мөөнөтүн 3-октябрга мерчемдешкен.

Орусиянын президенти Б. Ельцин 1991-жылдын 23-августунда КПССтин ишмердигине жана «Правда» гезитине тыюу салган.

Латвия Компартиясынын ишмердиги 1991-жылдын 23-августунда токтотулган.

Югославия менен Хорватия ортосундагы дипломатиялык мамиле 1996-жылдын 23-августунда орнотулган.

Италия, Дания жана Кытайдын таанымал дизайнерлери 2002-жылдын 23-августунда өлкө борборунун Тянанмэн аянтында мода көрсөтмөлөрүн өткөрүшкөн.
XS
SM
MD
LG