Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Ыңкылап, төңкөрүш, ордо кутумчулугу: кимге эмнеси жагат?


Бишкек, 24-март 2005-жыл
Бишкек, 24-март 2005-жыл

Мындан беш жыл илгерки март окуялары так баа ала элек. Аны Элдик ыңкылап катары эсептегендер деле арбын, анткен менен жаңы бийлик тушунда олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болбогону, өлкөнүн демократиялык кадыр-баркы мурдагысынан төмөн түшкөнүнө нааразы болгондор көп.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары:



Чолпонбек Абыкеев,

Мамлекеттик архив

агенттигинин директору







Райкан Төлөгөнов,

«Ата Мекен»
социалисттик партиясынын
Бишкек шаары боюнча тескөөчүсү





Кайсынысын тандасак?

- 24-мартка аркыл баа берилип келатат. Чолпонбек мырза, 24-мартта ыңкылап болдубу, эгер болсо анда эмне үчүн эл койгон талаптар аткарылбай калды?

Чолпонбек Абыкеев: - Талаштын жүрүп турганы мыйзамченемдүү көрүнүш. Тарых өзү 50-100 жылдан кийин такталып өз ордуна келет. 2005-жылдын мартындагы окуялардын башында турган, аларга каршы турган адамдар бар. Алар турганда талаш-тартыш токтобойт. Ошондон аны тактап берүү кыйын. Аны бирөөлөр ыңкылап, экинчилери төңкөрүш дешет. Ага башынан аягына чейин катышкан адам катары мен өзүм элдик ыңкылап деп айта алам. Ошо кездеги социалдык абал ушундай кырдаалга жетип калган. Ал ыңкылапка алып келди. Ыңкылап сөзсүз эле ушундай болушу керек деген догма, калыбы жок. Ар бир доордун, өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша өтчү нерсе.

- Райкан мырза, чын эле 2005-жылдын 24-мартында эмне болду, ыңкылаппы, төңкөрүшпү же башка бир нерсеби? Кандай атоо жарашат?

Райкан Төлөгөнов: - Чолпонбек мырзанын бир пикирине кошулам. Эгер бул окуя коомдун бардык тарабына таасирин тийгизип, баарын өзгөртсө ага бираз мезгил өткөрүп баа берсек жарашмак. Аны шашылып эле ыңкылап деп жарыялап, майрам күнү кылып алдык. Менимче бул ыңкылап эмес. Догма дейбизби, башкача айтабызбы, революция теориясын К.Маркс, анын ишке ашырылышын В.Ленин көрсөтүшпөдүбү. Анын биртоп белгилери болот. Аны талдай келсек бул ыңкылап эмес, төңкөрүш. Анткени система өзгөргөн жок. Төңкөрүштө мурунку бийликти кийинкиси келип басып алат да, системаны өзгөртпөйт. Эски бийликтин башкаруусу көпчүлүккө жакпай калышын пайдаланып төңкөрүш жасап ийишет. Төңкөрүштө система өзгөрөт. Саясий-экономикалык система өзгөрүлүшү керек эле. 24-мартта андай болгон жок. А.Акаевдин тушунда ашынган либерализм, социализмден калган мал-мүлктүн баары сатылышы керек, деген принцип үстөмдүк кылды. Бул жагынан ошол А.Акаевдин бийликке келишин революция десек болот. Социализм жоголуп жаңы система орноду. Мына эми К.Бакиев келди. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Мында деле мамлекеттик менчикти жеке колго өткөрүү, байлык-мүлктү бөлүштүрүү уланып жатат. Мурдагыдай эле кирешелүү тармактар капчыгы калың кайсы бир эларалык алдамчылардын колунда калып жатат. Система өзгөргөн жок. А.Акаев качып кетти. Бул төңкөрүш.

- Чолпонбек мырза, негизги талаптардын бири парламентти таратуу, үй-бүлөлүк башкаруунун тизгинин тартуу эле. Экөө тең аткарылган жок. Ага эмне себеп болду?

Чолпонбек Абыкеев: - Сиздин суроого жооптон мурун Райкан мырзага айта кетейин. В.Ленин революциялык жагдайдын негизги шарты төмөнкүлөрдүн жогоркуларга баш ийбей калышы, өйдөтө отургандардын мурдагыдай башкара албай калышы экенин ачык көрсөткөн. 2005-жылы нааразы болгон бишкектик топ адамдар чогулуп келип бийликти алмаштырып коюшкан жок. Жалпы Кыргызстан эли, бардык жерде бийликке каршы көтөрүлдү. Мына ушунун өзү ыңкылап дегендин далили. Анан ыңкылаптан кийин эч нерсе аткарылбады деш туура эмес. Кеп бирөөлөрдүн бийликке жетиши, бийликте турушунда эмес. Элдин каалоосу экономиканы көтөрүү болчу. Бул кайсы бир деңгээлде аткарылды дейт элем. Республика бюджети 17 миллиард сомдон 67 миллиард сомго өстү. “Камбарата – 2” ГЭСин куруп жатабыз. Ушуга кеткен акчаны курулушка жумшасак эки чоң микрорайон салууга болор эле. Канча кишилер үйлүү болуп калмак. Бирок бираз убактан кийин алар жарыксыз да калышмак. Энергетикалык кризистен чыгыш үчүн бүгүнкү бийликтегилердин чечкиндүү аракетке барышы алардын чечкиндүүлүгү дээр элем. Экинчиси биздин шаарды курчаган 46 жаңы конушка 15 жыл ичинде 2 мектеп, 1 балдар балдар бакчасы, 3 фелдьшердик-акушердик пункт курулган экен. 2005-жылдан бери төрттөн мектеп, алты-жетиден бала бакчасы курулуп жатат. Жолдору салынып, жарык киргизилип, чоң суммадагы акчалар жумшалууда. Бул өсүш эмей эмине?

Жагдайдын жайы кандай?

- 2005-жылкы эл тарабынан коюлган максат-милдеттердин аткарылбай калышына эмне себеп болду? Райкан мырза, буга жаңы бийликтин каалоо-тилеги болбодубу же жагдай-шарт ошондой болуп калдыбы?

Райкан Төлөгөнов: - Бул жерде Чокем өсүш болду деп атат. Бирок статистикалык маалыматтар башканы айтууда. Жаныбыздагы өлкөлөрдүн кандай темп менен өнүгүп атканын көрүп туруп биздин салып койгон мектептерибизге мактанганыбыз уят го деп ойлойм. Мамлекеттин татаал организмин башкаруу кыйын. Ага жаңы идея менен келип, мурунку жолдун жарабастыгын ырастап, жаңысына өтүү керек. Элге жага турган, элдин пайдасына жарай турган глобалдык улуттук идея болушу абзел, ал азырынча бизде жок. Андай жок болгон соң бизди башка жактан келгендерге алдатып, элди тариф саясаты менен мүңкүрөтүп, оголе көп акчаларыбызды Американын банктарына атайын эсепке салып коюшту эле Е.Гуревичтин жаңжалына байланыштуу аларды чыгарбай коюшту. Эми аны кантип аларыбыз күмөн. Биздин алдыдагы келечек жолубуз кандай болорун көрсөтүп беришке К.Бакиевдин интеллекти жетпеди.

- Чолпонбек мырза, мына жакында Элдик курултай бийлик эл мүдөөсүн укпаса ал өз бийлигин орнотуп алууга укугу бар экендигин ырастаган чечимин чыгарып берди. 2005-жылкы жагдай кайра келе жаткан жокпу?

Чолпонбек Абыкеев: - Элдик курултай кандай чогулду, ага кимдер, кандайча шайланып келгени бизге белгисиз. Аларды элдин арасынан чыгып келди деп айтыш бираз олдоксон болуп калабы деп ойлойм. 23-мартта өтүүчү курултайга жер-жерлерден мыйзам чегинде өкүлдөр шайланып келе жатышат. Бизде ар бир адам өз пикирин жашырбай ачык айта алышат. Антишке укуктуу. Алардын оюн угуш зарыл. Кемчиликтерди айтса андан бийлик жыйынтык чыгарууга милдеттүү. Азыр өлкөдөгү абалды өтөле коюулантып, боекту калыңдатып кабарлоочулар көбөйүп кетти. Албетте, саясий карама-каршылык коом ичинде боло жүрчү көрүнүш.

- Райкан мырза, жаңы бийликтин 5 жылдан ишинин натыйжасы кандай болду?

Райкан Төлөгөнов: - Революциялык ситуация дагы келип калды. Е.Гуревичке, Максим Бакиевге, М.Наделге, те нарыда жаткан Б.Березовский, Б.Бирштейндерге байланышкан иштердин бүт баары жагдайды курчутуп жиберди. Нааразылык 5 жылдан бери акырындап топтолуп келаткан нерсе. Мен ойлоп атам, мамлекетти минтип башкарбайт. Мына эл тарифтердин көтөрүлгөнүнө катуу нааразы болуп жатат. Президент аны калыс чечип, эл алдында мындай маселени талкууга салып турса жакшы болмок. Анан 5 жылда жасалган жабык иштер элге билинбей калса жүрө бермек. Толкуган эл бийликтин жасаган ишине ичи чыкпагандан нааразы болууда. Мындайда президент эл алдында чыгып жагдайды оңдоо жагын айтышы керек. Анте албаса бийликтен кетиши керек.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Студияга келип аңгеме куруп бергениңиздер үчүн сиздерге чоң ырахмат, ишиңиздерге ийгилик каалайм!
XS
SM
MD
LG