Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Т. Исмаилова: Бул кандай бийлик... атканга даяр


Укук коргоочулар бийликтен эркин жыйындарды өткөрүү укугун камсыз кылууну жана Петровка менен Балыкчыда камалгандарды бошотууну талап кылышты.

Укук коргоочулар 29-сентябрдагы жыйында кабыл алган чечимдер жөнүндө "Азаттыкка" "Атуулдук коом коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова айтып берди.

- Саламатсызбы Төлөкан айым, алгач тегерек столду уюштуруу зарылчылыгы тууралуу айта кетсеңиз?

- Зарылчылыгы да, мааниси да абдан чоң, анткени Балыкчы, Петровкадагы мыйзамсыз кармалган адамдар сөзсүз түрдө тез аранын ичинде боштондукка чыгыш керек. Анткени сот процесстери көрсөтүп атат, мыйзамдардын баары тепселген жана бузулган.

- Жыйында жыйынтыктоочу чечим кабыл алынганы кабарланган. Анын мазмуну тууралуу айтып берсеңиз, кандай милдеттер коюлду?

- Биринчиден, биз айттык жарандардын конституциялык укугун бийлик атайын тепсеп атат. Анткени пикеттер бул адамдардын фундаменталдык укуктары. Экинчи жактан, Конституциялык соттун эки чечимин атайын көз жуумп, бийлик эч бир кабыл албай атат. Ошон үчүн соттун чечимин кабыл албаган бийликке биз дагы кайрылып атабыз, сөзсүз түрдө бул мыйзамдуу чечимдерди колго алып, парламент бүгүнкү күндө тынч пикеттер боюнча мыйзамды тез аранын ичинде оңдошу керек.

Биз 8-октябрда ЕККУнун имаратынын жанына чоң пикет өткөзөбүз жана өзүбүздүн позициябызды ошол элчиликке айтып, Варшавадагы жана Венадагы уюмдарга билдиребиз. Экинчи маселе, бийликте отурган адамдардын өлүм жазасын киргизебиз деген аракетине каршыбыз. Ошондой демилгени көтөргөн бийликтеги адамдар экинчи бийлике келбеш керек.

- Сиздер ушул эрки жыйналуу укугуна байланыштуу мыйзам долбоорун да даярдагансыздар, ал кандай деңгээлде турат жана Жогорку Кеңешке берүүгө даярсыздарбы?

- Биз даярбыз. Жогорку Кеңешке дагы өзүбүздүн оюбузду, пикирибизди айтканбыз. Жумушчу топ ошол Омбудсмен институтунун алкагында иштеп атат. Анын ичинде бийликтеги адамдар дагы бар. Молдавия, Армениянын мыйзамдарын жакшылып изилдеп көрдүк жана аны депутаттарга бергенге даярбыз.

ЕККУнун эл аралык принциптери бар, мыйзам кандай болуш керек деген. Ошон үчүн Венециа комиссиясынан биринчи долбоор өттү. Алар өзүнүн пикирин билдирип, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эл аралык принциптерге негизделген жакшы долбоор, ошон үчүн жардам бергенге кызыктарбыз бийликке жана жарандык коомго деп айтышты.

- Төлөкан айым, сиздер учурда жүрүп жаткан Балыкчы окуясы боюнча сотко байкоо салып жатасыздар. Соттук териштирүү кандай жүрүп жатат?

- Эми бул соттук териштирүү уят болуп атат, анткени бүт ошол топтолгон материалдардын баары тең адамдарга каршы. Ошон үчүн эң биринчи биздин талап Балыкчы, Петровка жана башка шайлоодон кийинки, шайлоодон мурунку кармалган адамдарды сөзсүз түрдө бийлик бүгүн эртең бошотуш керек.

Анткени баары тең мыйзамсыз кармалган. Балыкчыда териштирип көрсөк, 21-22-июлда эле баягы Аксыдагыдай кылып даярдап койгон да провокация жасашкан. Ошол адамдар кантип бийликти басып алат, бийлик Бишкекте турса. Ошол шайлоо комиссиясына бараткан адамдарды бийликке каршы жана Конституцияга каршы чыккан деп, бүгүнкү күндө Кылмыш Кодексинин 12 ден 20 жылга чейинки беренелерин коюп атат.

Бул деген Аксыга окшош болуп атат, ошон үчүн биз кечээ да Аксыны эскерип бир мүнөт туруп айттык, тынч мезгилде бир да адам ушундай жапа чекпеш керек. Анткени алардын үй-бүлөсү, балдары, коомчулук бар. Бул кандай бийлик, көрүнө туруп эле өзүнүн адамдарын түрмөгө салып жана атканга даяр.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG