Журналист А. Токтомушев: - Арга жоктун иши деген ушул. Оппозиция ачкачылык акциясынан майнап чыкпасына ынанганда каршылык көрсөтүүнүн башка формасын табалбай, курултай чакырсак эл көтөрүлүп кетет деп турат. Бирок эл көтөрүлөрүнө ишенбейм. Элдин 90 пайызы ансыз да коркок, кошоматчы. Бийликтин курултайы жалаң кошоматчылардын сүрөөсүнөн турса, оппозицияныкы жалаң жылаңач баатырлардан турат.
Укук коргоочу А. Абдрасулова: - Бүгүнкү оор кырдаалдан чыгуу бийликке да, оппозицияга да бирдей, эки тарапка тең көз карашым түз.
Саясат таануучу М.Сариев: - Оппозиция курултайды туура чакырды. Себеби тарифтердин кымбатташына нааразы эл колдоп кетчү кырдаал түзүлдү. Бийликтин 750 делегаты баягы эле дүжүрлөрдөн турат. Бийликтегилерге азыр элдин колдоосу абадан керек болуп турат. Себеби жаз алды менен нааразылык күчөй баштайт.
Укук коргоочу А. Сасыкбаева: - Бийлик курултайына жалаң дүжүрлөр чогулат. Оппозиция болсо чакырылган меймандарга сөз бербей, баягы эле өздөрүнүн ич күптүсүн чыгарат. Айтор алардыкы деле митайым жол. Эл болсо эки тарапты тең колдобойт. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары болгонду болгондой чагылдырбайт.
Саясат таануучу О. Молдалиев: - Бийликтин курултай өткөргөнү жакшы. Реалдуу максаттарды койсо, сөзсүз түрдүү пикирлер айтылат. Көч ошентип түзөлөт. Ал эми оппозицияга келсек, аларда “күч барбы?” деген суроо туулат. Аларда ким калды? Жөн эле “кетсин!” дегенди коюп, ошого чейинки көйгөйлөрдү чечип алсынчы. Андан көрө бийлик менен конструктивдүү кызматташып, өлкөнү оңдоп кетели дегенди ойлонушу керек.
Ушул эле гезит аркылуу оюн билдирген коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Курултайдын байыркы маңызына токтолуп, байыркы кыргыз өткөргөн курултайлар толук эркин болгонуна, ал Мекен, Улут улуулугуна баш ийип, кара кылды как жарган калыстык менен өткөнүнө басым коюп, оппозицияга бийлик гана керектигин, ал эми бийлик Мекенге да, Улутка да кызмат кылбастан өзүнө гана кызмат кылып калганын, бийлик да, оппозиция да калыс, акыйкат, адилет эместигин белгилеген. Сарыгулов Акаевди колдоп, анын камчысын чаап бийликке жетип, байлык топтогондор дагы эле бийликте жүргөнүн, ушул курултайлардан кийин элдин мындай жыйындарга болгон ишеними да өчөрүн кеп кылды.
Журналист Олжобай Шакирдин макаласы “Коррупцияны ооздуктаса болобу?” деп аталып, мамлекеттик мекемелердин жашоосуна казынадан жылына бир нече миллиондон тартып, бир канча миллиарддаган акчалар бөлүнөрүн, мунун кандай сарпталып жаткандыгы кудайдан бөлөк эч кимге белгисиздигин, мындан улам баягы эле карышкырга кой кайтарткан заманга окшоп келатканына басым койгон.
Мындан тышкары аталган басылма чакан кабарларында минтип жазды: “Айың кептерге караганда алыскы Дубайдан Урмат Барктабасов 5 млн. доллар жөнөтүп, БЭКти экиге ажарыткан имиш, сыртта жүргөн Урмат баатыр эми Бегиш Ааматов, Мукар Чолпонбаев өңдүү карт саясатчыларды саясый майданга түртүп, артынан өзү баш көтөрүүнү мелжеп турса керек” деп, жаз алды менен оппозиция элди кайра көтөрөт деген божомолдор арбын, ал арада “Ата Мекен” партиясы коңшу өлкөлөрдүн кимиси кандай өнөк болорун бышыктап, Өмүрбек Текебаев Г. Павлюктун өлүмүнөн кийин журналист журтунан өнөк топтоп жүрөт деген сөз чыкты, бирок Текебаев “гезит чыгарганга акчам жок, интернет гезит чыгарганга гана кудуретим жетет” деп атыптыр деп сөз таратты.
Бул санга “60 тыйындын азабы” деген рубрика алдында ЖК депутаттары Дамира Ниязалиева менен Турдукан Жумабекованын ойлору жарык көрдү. Мисалы Д. Ниязалиева чөнтөк телефондордун кымбатташы тууралуу: “Өкмөттүн алы жетпей калды. Электрдин кымбатташына деле чыдабадыкпы, белди бекем бууп, чыдаштан башка арга да, айла да жок. Эми чөнтөгүбүздөн мурдагыга караганда 500-600 сом көп чыгым кетет” десе, Т. Жумабекова: “Өлкөгө эми атаандаш Кытай, Корей мамлекеттеринин уюлдук компанияларын тартуу керек. Азыркы бизде иштеп аткан байланыш түйүндөрү тарабынан мамлекеттин койгон талабы аткарылбаса бул компангияларды өлкөнүн чегинен сыртка чыгарып салуу же финансылык мажбурлоо чараларын колдонуу зарыл. Ар бир чакырууга 60 тыйындан кошуу накта укук бузуучулук аракети” деп айыптап чыкты.
“Аалам” гезити “Кыргызстан чет элдиктердин көзү менен...” деген рубрика алдында “Кыргызстандын эркектери кайда кеткен?” деген макаланы орус тилинде сунуш кылды. Макалада БУУнун жакырчылыкты аныктоо деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү жакыр деп эсептелген Экватордогу Гвинеа жана Гайана өлкөлөрүнөн да төмөн турарын, 2008-жылы чет өлкөлөрдө мандикерлик кылган кыргыздар өлкөгө 1,2 млрд. доллар жөнөткөнүн, бул Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 27 пайызын түзгөнүн, бирок дүйнөлүк финансы каатчылыгынан улам бул акча азыр кыйла кыскарганын, өлкө эмиграцияланып кетип аткандардын эсебинен жылыга ар бир миң кишисинин 3кө жакын кишисин жоготуп жаткандыгын… ал аңгыча өткөн аптада кыргыз бийлиги Кыргызстандын ар бир малы паспорттуу болорун шардана кылганын маалымдады.
Гезит Темирбек Акматалиевдин “Хан Жантай менен Ак Мөөр сулуунун чыныгы көөнө тарыхы” деген баянын басууну уланткан.
“Учур” гезити бүгүн Бишкекте республиканын аскер соту генерал И. Исаковдун аппеляциялык арызын кароо ишин улантарын, Москвадагы эң таасирдүү радиолордун бири саналган “Эхо Москванын” түз эфиринен чыгып сүйлөгөн кыргыз саясатчысы Роза Отунбаева кыргыз бийлигин катуу сынга алып, Кыргызстанды бүгүн президенттин үй-бүлө мүчөлөрү башкарып атканын, карапайым эл менен бир да жолу диалогго барбаганын, Кыргызстанга “хандык ордо” орногонун, “жоогазын” революциясынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев берген убадаларынын бирин да аткарбаганын, Акаев бийлигинин тегерегинде жүргөн министрлер азыр Бакиев бийлигин башкарып аткандыгын айтты деп жазып чыкты.
Ушул эле кабарында гезит орус бийлиги азыркы кыргыз бийлигинен түңүлүп, оппозициядагы саясатчыларды колдоо менен Роза Отунбаевага ык койгондой түрү бар деп кошумчалады.
“Учур” андан ары Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчыларынын бири А. Мадумаровдун “Азаттык” радиосунун кабарчысынын суроолоруна берген маегиндеги айрым ойлорду талдоого алып, анын сөзү “баягы эле тапан сөздөр, конкреттүү өз багыты жок. Бир туруп ажого ишеним артарын билдирет да, кайра анын жүргүзүп аткан саясатын сынга алат. Өзгөчө мамлекеттик кызматтарга жаштардын тартылып атканына ичи чыкпай, алар мамлекеттик түзлүштү, тилди, каада-салтты, эл жүрөгүндөгү көйгөйдү билбейт дегендей оюн билдирди. Адахандын оюнча ушундай жаштар ажого зыян келтирип аткан имиш. Мынча болду, ачык эле айтса болмок: “Максимдин саясатына карышымын” деп, анткени ошол жаштардын башында Максим Бакиев турат эмеспи. Антип айталбады” деп жазуу менен “Кыскасы Мадумаров бу саам генералдын аркасы менен өзүнө саясый упай топтобосо болду. Айрым кептерге караганда Түштүктүн бийликке жагынган аксакал-көксакал саясатчылары абалдын оорлошуп баратканын көрүп, Исмаил мырзанын камалышы аркылуу упай топтоп, “жеңишке” жеткилери келет имиш” деп белгиледи.