Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Айтматовсуз бир жыл


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына бир жыл толду.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына бир жыл толду.

Бүгүн орус тилдүү эки гезит жарыкка чыкты.

Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына туура бир жыл толду. “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Айтматовду эскерген чакан макала жарыялады. “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” деген. Алдында кандай тагдыр, эмнелер күтүп турганын, маңдайына эмнелер жазылганын эч ким билбейт. Атам замандан бери карай эле ушундай болгон, Адам Ата, Обо Энеден бери карай эле ушундай болгон. Бул экөөнүн бейиштен кубаланып чыкканы да тагдырдын жазмышы. Тагдыр жазмышынан эч ким качып кутулган эмес. Тагдыр жазмышынын таржымалы ошол күндөн ушул күнгө дейре табышмак бойдон келатат. Улуу Айтматовдун арабыздан кетиши да тагдыр жазмышы. Айтматов өзү менен бүтүндөй бир доорду ала кетти. Айтматов менен бүтүндөй бир тоо, кылымдын тоосу кулады..."

Чыңгыз Айтматовду мындан эки күн мурда Париж эскерди, бүгүн Москва эскерет. Эки күндөн кийин кечки саат 8 жарымда Токтогул атындагы улуттук филармониянын алдында, өлкөнүн ар тарабынан келген адамдардын катышуусунда Айтматовду жоктоо кечеси өтөт.

“МК Кыргызстан” андан ары бул санына президенттикке талапкерлердин айрымдары тууралуу баяндаган журналист Елена Агееванын макалалар топтомуна орун берди.

“Учурдагы президент жөнүндө көп эле нерселерди айта бергим келбейт, ансыз деле ал башкарган жылдардын пайдасын аз көрдүк. Кокус пайдасынан зыянын көбүрөөк айтчу болсок, ал бизди дагы бир жолу көз догдур Алмазбек Исманкуловго жөнөтүшү мүмкүн, көзүңөр мен жасагандарды көрбөй жатса, барып оңдотуп келгиле деп. Биринчиден, биз бечарада көздү оңдотконго акча жок, экинчиден, биз көрүп келаткан көр турмушту оңдоп көрсөтө тургандай кылып көз салып бергенге көз догдур Исманкуловдун кудурети жетпейт” деп жазса, К. Бакиевдин дагы бир атаандашы Нурлан Мотуев тууралуу: “Курманбек Салиевич үчүн Мотуевдин “деңгээлинде” ат салышуу кандай экенин айталбайм, бирок Мотуев ат салышуучулардын арасында ага теңдеш азыркы президенттен бөлөк бир да “жан” жок дегени, алардын баарын “колхозчуларга” теңеп салганы мээмде шакылдап турат. Анан калса Мотуевдин шайлоо программасынын кыскалыгы менен жөнөкөйүн айт! Анын оюнча экономиканы өстүрбөй келаткан коррупция менен тыйтаңдап күрөшө бергенден эчтеке чыкпайт. А көрөкчө аларды бирден кармап, 50 жылга түрмөгө солош керек. Бирок түрмөдөгүлөр да батпай кетти, аларга тамак-аш жетпейт, ошондуктан бул кесебирлерди абактан айдап чыгып, көчө шыпрытып, арык тазалатуу керек. Ошондо Кыргызстанда кылмыштуулук да, жумушсуздук да жок болот деп айткан Нурлан Мотуев эң ала аз айлык көлөмүн 10 миң сомго чейин жеткирмей болду. Бул жагынан ал “фантаст” талапкер Ж. Назаралиевден да ашып кетти” деп жазды.

Макалаларынын аягын автор азыркыдай шайлоолор турганда добуш берүү эмес, добуштарды саноо маанилүү болгондуктан, болочок президент ким болот деп 23-июлду күтүп сарсанаа боло бербей эле анын атын атап койсо жетиштүү болорун, бирок кандай болгон күндө да ар бирибиз абийрибиздин алдында, Кудайдын алдында таза болуш үчүн шайлоого барып, каалаган адамыбызга добушубузду берип кайтышыбыз керек деп жыйынтыктаган.

“Дело №...” гезити “Бактылуу лотерея” кимди бактылуу кылды?” деген макала жарыялады. “24 kg” маалмат агенттиги “Бишкек шаарынын бюджетинен “Бактылуу лотереяга” кеткен чыгымды жабуу үчүн 3 млн. сом бөлүнгөнү жатат” деген маалымат таратканын шилтеме кылган жумалык, агездеги шаар башчысы Данияр Үсөновдун бул “оюнчугу” убагында эл арасында бир топ ызы-чуу салып, алтургай финансы чалгын кызматы менен баш прокурордун көңүлүн өзүнө бурганын, ошондон кийин оюн токтотулганын, бирок анын андан кийинки тагдыры такыр белгисиз бойдон кеткенин баяндаган.

Бишкек шаарынын бюджетинен бөлүнөт деген менен салык төлөөчү шаардыктардын чөнтөгүнөн кете турган 3 млн. сомдун дайнын билели деп “Бактылуу лотерея” деректирлигинин башчысы Курмат Кыдыралиевге чалсак, бул 3 млн. сом лотереяга бланк жасап берген үчүн кытай тарапка кетет, анткени эмдигиче кызмат акысын төлөп берелекпиз деп айтты деп белгилеген. Гезит акырында бул обужок оюндун башкы демилгечиси жана шыктандыруучусу Данияр Үсөнов президент администрациясын башкарып, чоң болуп кеткенин, эми ошол лотерея менен элин “бактылуу” кылгысы келген аткаминерлердин кимдир бирөө жазаланат деген сөз, биздикиндей өлкөдө суу кечпей турган кыял экендигин кеп кылды.

Гезит ошондой эле Бишкек шаар архитектурасы тууралуу сөз кылып, башкы архитектор болуп Онушбек Турсунбаев дайындалганда шаардыктар “шаардын жүзү эми оңолот” деп кыйла үмүт артканын, анткени Турсунбаев Маскөөнүн атактуу мэри Лужковдун канатында 15 жыл чогуу иштегенин, тажрыйбасы мол экенин кеп кылып, алтургай анын жаңы келгенде Бишкекке метро курам деген фантастикалык ойлоруна да ишенишкенин белгилеп, эми тилекке каршы баары тескери болгонун жүйөгө тартып, башкы архитектор тууралуу айрым жарандардын ой-пикирин сураган.

Укук коргоочу Т. Исмаилова: - Коррупциялык алакалардын айынан көрүнгөн эле жерде курулуш жүрүп жатат. Шаардын жүзү жоголду. Байлар менен кедейлердин аябагандай ажырымы пайда болду.

ЖК депутаты Д. Молдошева: - КМШ өлкөлөрүнүн борборлорун карап көргүлөчү? Бир эле Өзбекстандын обулусу болгон Фергананын көчөлөрү кандай таза, кандай жакшы. “Бишкекархитектура” башаламан курулушка жол берүү менен эмне жасап жатканын билбейм.

Акыйкатчы Т. Акун: - Бишкектин көптөгөн жери баягыдай эле таштандыларга толтура.

Мал догдур Т. Петрова: - Тротуарлардан абайлап баспасаң бутуң сынышы ыктымал. Ким кааалагандай эле там салып, бак-дарактарды ой келгендей кыркып-кыйып атышат.

Шаар тугуну Г. Бердибаева: - Башкы архитектор жакшылыктуу эч нерсе жасаган жок.

Бишкек тургуну Лира: - Шаардын архитектуралык ансамблин сактабагандыгы үчүн мен ага сөгүш берет элем.

КР архитекторлор союзунун төрагасы Э. Бекташев: - Мен Бишкектин башкы архитекторуна сөгүш эмес, аны кызматтан алуу маселесин коймокмун. Анткени ал өз милдетин аткарган жок. Анын үстүнө ал кесиби боюнча да архитектор эмес, эколог. “Архитектура башкармалыгынан” профессионалдар эбак кетип калышкан. Алардын ордун архитектура деген эмне экенинен түшүнүгү жок адамдар барып “баскан”.
XS
SM
MD
LG