Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Исаков менен Куловдун соттолушунда кандай окшоштук бар?


Кечээки сот ишинде Кыргызстандын аскер прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул иш боюнча коомдук жактоочу, “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованы сөзгө тарттык.

- Бөдөш айым, кечээки сотто мамлекеттик айыптоочу-прокурор Тимур Карабаев Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генералдык наамынан ажыратууну соттон сурады. Прокуратура тарабынан Исаковго коюлган айыптар сизди ынандырдыбы?

- Жок, мени ынандырган жок. Анткени үч эпизод менен каралып аткан эң оор эпизодунан Исаковду күнөөсүз деп так актаганга аргасыз болушту. Бирок калган эки эпизоду боюнча дагы бул мамлекеттик айыптоочунун коюп аткан күнөөсү мени канаттандырбайт, мени эле эмес, баардык сот процессинде катышып отургандарды, алтургай жалпы коомчулукту канаттандырбайт.

- Негизги жүйөөсү сизди эмнеси менен канаттандырбай жатат?

- Негизгиси "чү" дегенде эле 8 жылды, анан болгондо да күчөтүлгөн тартип, үй-мүлкүн конфискация жолу менен генералдык наамын алып таштасын деген бул таптакыр мыйзамга дагы, акылга дагы сыйбай турган нерсе. Анткени буга негиз жок. Бул оор өкүм. Негиз жок деп айтып атканымдын себеби, бул калган эпизоду боюнча дагы далилдер толук эмес, такыр эле такталган жок. Үй маселеси боюнча, анан кийин эң акыркы эпизоду коргоо министрлигиндеги майрамдарды уюштуруу боюнча. Ушул жерден бир нерсени тактап айтып кетиш керек, кызмат абалынан шалаакылык менен пайдаланды, үй берилди деп айтып атат.

Эгерде кызмат абалынан шалаакылык менен пайдаланса Исаковдун баласына таандык эки бөлмөлүү үйдө эмдигиче баласы жашап, океандын ары жагында башка мамлекетте күн кечирбей ошол эки бөлмө үй эмес, элиталык үйлөрдө жашап калыш керек эле. Тескерисинче, ал баласына убактылуу жашоого берилгенин бир тоголок арыздын аркасынан билгенден кийин тез аранын ичинде Коргоо министрлигинде коррупцияга каршы комиссия чакырып туруп, тапшырма бергенден кийин ал үй толугу менен эч нерсеси кыйшайбай, бир эшигинин туткасы дагы өзгөрүлбөстөн кайра Коргоо министрлигинин балансына койгонун ошол эле мамлекеттик айыптачуулар да танган жок.

Туура, ал жерден эч кандай министрликке дагы, ошол эле мезгилде келишим түзгөн “Бишкек курулушка” дагы зыян келтирилген эмес. “Бишкек курулуштун” башкы директору келип көргөзмө берген маалда айткан, мурунку Танаевдин убагында түзүлгөн, акча түрүндө алына турган 4 млн. акчанын ордуна Коргоо министрлигине 5 квартира 1 млн. сом акча деп келишим түзүү Коргоо министрлигинин өзүнүн пайдасына чечилген, өзүнө берилген жоопкерчилик. Ушундай кылганга министрликтин акысы бар эле деп айткан.

-Исмаил Исаков менен кезинде Феликс Куловдун соттолушунда кандай окшоштуктар бар?

- Феликс Куловду дагы ушинтип такталбаган айыптар менен өкүмдү окуп туруп, соттор качып кирип кеткен. Ошондо дагы “чү” дегенде эле генералдык наамын алабыз деп тийишкен. Мен ушул жерден ойлоп турам, бул жөндөн-жөн эле үтүр, чекити жок эле фамилиясын гана өзгөртүп туруп, калган өкүмдүн бардыгын Акаевдин мезгилиндегини көчүрүп жазып алганбы деп.

- Демек саясий кырдаалга жараша ушундай саясий чечимдер кабыл алынып жатат деп ойлойт экенсиз да?

- Мен бул мезгилге чейин мындай болоорун күткөн эмесмин, мен Акаев системасы жоголгон болуш керек, мындай такталбаган маалыматтар менен оор айып коюп, болгондо дагы арабыздагы ушундай чоң генералдарга тийишүү калган болуш керек деп ойлоп аттым эле. Бирок мен кечээ күнкү мамлекеттик айыптоочунун сөзүнөн кийин мен ойлоп атам, дагы эле ошол нерсе чыпчыргасы коробой сакталып калган окшойт деп.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG