Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

А. Артыков: Азыркы абал 2005-жылдагы кырдаалга окшошуп турат


Анвар Артыков
Анвар Артыков

Мындан туптуура 5 жыл мурда, 2005-жылдын 19-мартында Ошто Элдик курултай болуп, анда Ош облусунун элдик губернаторлугуна Анвар Артыков шайланган. Ошол туштагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасынан тажаган эл мына ушинтип өз алдынча губернаторлорду алмаштыра баштаганы белгилүү. Биз Анвар Артыковду “Азаттыктын” танкы түз обосунда кепке тарттык.

- Анвар мырза, сиз элдик губернаторлукка шайлангандан кийин Март ыңкылабынын келиши менен Ош облусунун губернатору болуп расмий түрдө да дайындалганыңыз белгилүү. Бирок көп иштебей президент Курманбек Баккиев менен пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткениңиз да белгилүү. Ушул пикир келишпестик эмнеден улам келип чыкты эле?

- Биринчиден, элдик революция жөнүндө айта турган болсок, эки маселени көңүлгө алышыбыз керек. Биринчиден, эл толкуганда кандай бийлик болбосун оодарып чыкканга кудурети жетет. Экинчиси, биз революция деп эйфорияда жүрө бериптирбиз. Анан 24-март түнү бизде төнкөрүш болуп, шылуундар калп, жалган убадаларын берип бийликке келип алды. Мына ушунун азабын биз беш жылдан бери тартып атабыз. Ошто мен элдик губернатор болуп шайлангандан кийин мен революцияны туу тутуп булардын туугандарынын, инилеринин сөздөрүн укпай койгом, мамлекеттик иштерге кийлигиштирбей койгом. Ошондуктан бул үй-бүлөгө жакпай калган.

Экинчи себеп, афералар башында эле башталган. Ошондо мен коррупциялык жолдорго жол берген эмесмин. Ошондуктан бул мындай көрүнүштө булар менен сөзсүз иштей албайт болчумун. Бирок мен иштеген тогуз ай ичинде оштуктар жакшы билишет, коррупцияга каршы катуу сокку ургам, бирөө бирөөдөн 3 сом пара сураганга баралбай калган. Бирок тилекке каршы ошону уланта албай калдык.

- Айрым талдоочулар 2005-жылкы март ынкылабынын алдындагы өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал менен азыркы учурдагы коомдук саясий кырдаалдын кандайдыр бир окшоштугу бар деп айтып атышат. Сиз кандай баалайсыз?


- Ар бир нерсенин чеги болот да, элдин сабырынын дагы чеги болот. Бул жагынан алганда окшоштук бар, эл нааразы бүгүнкү саясатка, ошол учурда дагы Акаевдин саясатына нааразы болгон. Шайлоонун жыйынтыгынан келип чыккан нааразычылык бүгүнкү күндө, бийлик бир үй-бүлө бүт кирешелүү тармактардын баардыгын алып, мамлекеттин кирешесин бере турган булактардын бардыгы жеке чөнтөккө иштеп калды. Бюджетке акча чогултуш үчүн, анан бюджеттеги ишканаларды багыш үчүн булар ар кандай салыктарды, карыздарды көбөйтүп атат. Бул чектен чыгып кетти. Салыктарды башка чет мамлекеттер менен салыштырышат. Бирок айтыш керек да, бизде эң арзан электр энергия.

Экинчиден, биздин кирешебиз андай эмес да. Мисалы дүйнөдө, башка өлкөлөрдө болбогон процентте коммуналдык төлөмдөргө каражат кетсе, бизде болсо элдин басымдуу көпчүлүгү 90 пайыздан ашыгы тапкан каражатын электр энергияга, жылуулукка, башка төлөмдөргө төлөп атышат. Бул элди аябай кыйнаганынан эл арзыр өзү көтөрүлө баштады. Мен айтат элем, бул жерде оппозиция митинг өткөрүп элди көтөрдү деген сөз туура эмес. Эл ичинде нааразычылык курчуп аткан маал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG