Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Ч.Мураталиев: “Куралсыз, тил билген, тажрыйбалуу адамдар келет”


ЕККУнун куралсыз полициясына каршы митинг. 26-июль, 2010-жыл
ЕККУнун куралсыз полициясына каршы митинг. 26-июль, 2010-жыл

Кыргызстанга келе турган ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун айланасында “Азаттыктын” суроолоруна Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, адис Чоро Мураталиев жооп берди.

- Коомчулукта ЕККУнун полиция кеңешин түштүккө киргизүү боюнча ар кандай пикирлер жаралып, эл арасында ишенбестиктер да пайда болууда. ЕККУнун полиция кеңешинин иш аракеттерине кооптонуу канчалык негиздүү?

Чоро Мураталиев: 7-апрелде болгон тополоңдон бери өзүбүз деле күбө болуп атпайбызбы, эл аралык уюмдардын пайдасын көп эле көрүп жатабыз. Мисалы, жакын арада эл аралык донорлордун кеңешмеси болуп, ошондо түштүктөгү абалды оңдош үчүн 1 млрд. 100 млн. доллар бөлүндү, 30 айдын ичинде мунун баары келет.

Эл аралык полициялар келет дегенине эл бир аз каршы болуп атат. Биз мындан качалбайбыз, анткени Убактылуу өкмөт ушул келишимге кол коюп, макулдугу берилген. Ошондуктан буларды кабыл алыш керек. Булардын ою деле жакшы.

Июнь окуялары боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын мүчөсү, Тышкы иштер министрлиги өткөн жумада берген маалыматына таянсак, келип аткан күчтөр биздин койгон шартыбыздын бардыгына макул болуп атышат. Мисалы, куралсыз, тил билгендери, тажрыйбасы бар адамдар келишет. Булар Македония жана башка мамлекеттерде ушундай кагылыштар болгон жерлерде болуп, бир далай тажрыйба жыйнаган адамдар экен. Ошон үчүн булардын келгенине макул болобуз го. Анткени келишимге кол коюлуп макулдашып бүтүп калган.

Булардын пайдасын да көрүш керек. Биз өзүбүзчө эле жашай албайбыз да, эл аралык уюмдар менен, башка өлкөлөр менен кызматташышыбыз керек. Тополоңду жалгыз эле өзүбүз токтоткон жокпуз да, элден-журттан жардам келип, ошонун жардамы менен токтоттук.

- ЕККУнун полиция кеңеши тууралуу эл арасына маалыматтын жетпегенинен улам ушундай ишенбөөчүлүктөр пайда болуп аткандыр?

Чоро Мураталиев: Ооба, калың элдин катмарына маалымат жетпей калып, ар кандай сөздөр болуп атат. Ушуну мурдатан жакшылап таратсак боломок экен. Азыр келе турганына жакындап калгандан бери көп сөздөр чыгып атат. Мисалы, жаштар айтып атат, жолду тособуз, киргизбейбиз деп сыналгыдан чыгып атышпайбы. Менимче, бул да туура эмес. Албетте жаштар көп нерсени жасап атышат, тополоңдун аягын тыйышты, дружинник болушту, жардам берип атышат. Эгер ушуну алдын ала болтурбай коюуга жигиттер, жаштарыбыз катышып, ошону болжопдоп өткөрбөй койсо жакшы болот эле.

Жаштар токтоолук кылып, сабырдуулук кылып, ойлонуп иш кылыш керек. Анткени азыр биз өзүбүз кол койгон келишимди аткарбай койсок эл аралык уюмдардын астында уятка калабыз. Өзүбүз Убактылуу өкмөттү бекитип алып каршы чыкканыбыз туура болбойт го деп ойлойм.

- Балким ушул маселени саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир күчөтүп ийиши мүмкүн эмеспи?

Чоро Мураталиев: Шайлоонун астында ар кандай болот, партиядан көп нерсе жок го бизде, 140 партия бар экен. Баарынын оюн билип, ошону так айтууга кыйын, бирок кээ бирлер пайдаланып да кетиши мүмкүн, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси өзү эле кол коюп койгон деп. Албетте мен андай ойдон алысмын, алар кеңешип туруп жасашса керек.

- Сиздин көз карашыңызда ЕККУнун полиция кеңешинин киргизилиши Кыргызстанга пайдалуубу, же кандайдыр бир стабилдүүлүктү эле туруктуу кылабы?

Чоро Мураталиев: Биз баарын билебиз деген болбойт. Булардыкын да көрүп кичине үйрөнүшүбүз керек да. Алар келип биздин милиция кызматкерлерине жардам берип, көрсөтүп, өздөрүнүн тажырыйбасын айтып беребиз деп атышпайбы. Кандай болгон күндө да анча-мынча болсо да пайдасы тиет го деп ойлойм.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG