Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

“Президент өнөктөштөрүнөн кантип кутулуп жатат"


“Дело №...” гезити “Президент өнөктөштөрүнөн кантип кутулуп жатат же эмне себептен шакирттерин душманга айлантууда” деген макала жарыялады. Бул гезиттин ” “Сенсация!” деп аталган дагы бир макаласында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аттокуров мырза Маскөөдөгү такырбаштардын башчысы Демушкин менен жолугуп сүйлөшүп, алтургай достошо жаздап калганы баяндалат.

“Дело №...” гезити “Президент өнөктөштөрүнөн кантип кутулуп жатат же эмне себептен шакирттерин душманга айлантууда” деген макала жарыялады. “Алар Акаевге каршы биригип күрөшкөн. Биригип революция жасашкан. Анан эле бир күнү президенттин командасынан сыртка сүрүлүп калышты да бийликтин келишкис оппоненттери болуп чыга келишти” деп башталган макала Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Исмаил Исаков тууралуу сөз кылат.

А. Бекназаров президентти революциянын идеясын уурдап алды деп күнөөлөйт. Анын ою боюнча революциянын башкы максаты – үйбүлөлүк башкарууну жоюу, Кыргызстанды президенттин балдары менен бир туугандары эмес мыйзам башкара турган өлкөгө айландыруу болгон. Анын айтымында акыркы дайындоолордун баары түккө турбаган нерсе. Анткени өлкөнү баягыдай эле үйбүлө башкара берет, баягыдай эле министрлер ага кызмат кыла берет.

Ал эми Роза Отунбаева, ал кезде Акаевдин режими күтүүсүз кулап, бирок анын ордуна кимдер келгенин дүйнө түшүнө элек кези болучу деп эскерет. Ошондо ал тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган. Анын президент менен 1-кагылышуусу паспорттон келип чыккан. Ишсиз, жерсиз калган миңдеген кыргыздар бир сындырым нан үчүн башка өлкөлөргө мандикерликке кетели десе паспорту жогунан кете албаган баш ооруга барып такалган. Ошол эле учурда паспорт жасагандар бийлик үчүн алтын тукум тууп турган тоокко айланган. Муну көргөн соң ал паспортко жарыяланган тендер көз боемочулук менен болгонун Бакиевдин өзүнө айткан.

Ошондон кийин президент ТИМге өз кишилерин тыга баштаган, ал тургай эң жогорку чөйрөдөгү бир атка минердин ойношун алып келишкен, деги эле минтип убагында Акаев да суранбаган. Бакиевден кийин Үсөн Сыдыков күйөө баласын Кытайга элчи кылгысы келген. Ушундан улам Р. Отунбаева бул адамдардын ойлогон ойлору башка экенин түшүнгөн. Роза айымдын пикиринде Бакиевди кайрадан эле Акаевге кызмат кылгандар, акчанын артынан кубалаган шылуундар курчап алды, демек бүтүндөй система оңолмоюн эч нерсе оңолбойт.

Президенттин командасында жүрүп жакында эле оппозицияга оогон генерал Исмаил Исаков президент менен жеке ыйкы-тыйкы чатагы болбогондугун айтат. Ал Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматына келери менен диний тармактагы өксүктөргө “башын” салган. Андан кийин энергетикалык кризистин абалын аныктоо максатында Токтогул ГЭСи, Бишкек ТЭЦин иликтөөгө алган. Ошондо ага:”Сенин ишиң бул эмес, башка жакта” деп айтышкан. Мындан кийин Коопсуздук Кеңешинин катчысы сот жана күч органдарындагы кейиштүү абалды карай баштаган. Ошондо К. Бакиевдин өзү:”Сиз эмне үчүн Ички иштер министрлигинин ишине кийлгишип жатасыз?” деп сураган. Мына ушундан кийин ал кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазууга аргасыз болгон.

Гезит ушул үч адам тууралуу жазган макаласынын аягын: ”Атаганат бул боюнча Курманбек Бакиевдин өзүнүн да, эмне үчүн аны бийликке алып келген шакирттеринен мынчалык кутула жадаганы тууралуу оюн уксак жакшы болот эле. Тилекке каршы бизде бул деген жомок. Анткени Кыргызстандын 2-президенти ыңгайсыз суроолору бар журналисттер менен сүйлөшкөндү сүйбөйт” деп корутундулады.

“Дело №...”
“Сенсация!” деп аталган дагы бир макаласында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аттокуров мырза Маскөөдөгү такырбаштардын башчысы Демушкин менен жолугуп сүйлөшүп, алтургай достошо жаздап калганын баяндады. Элчи мырза Демушкин менен эки саат бою аңгемелешкен. Маектеши ага өтө билимдүү, жогорку билими бар эле эмес аспирантурада окуп, дагы бир жогорку окуу жайында дарс окуп жүргөн адам катары жакшы таасир калтырган.

Демушкин сөз арасында “Такыр баштар колдуу болуп каза тапкан кыргыздарды өлтүргөндөр биздин балдар эмес, биздин атты жамынып жүргөн башка шүмшүктөр” деп айткан. Баса, элчи мырза интервью берип жаткан кабарчыга Демушкинге өткөн жылы Кыргыз жергесин көрсөтүп, Ысык-Көлгө коноктоп кетиргенин да айтып берген. Мына ушул жолугушуудан кийин такырбаштардын башчысы Орусия Федерациясынын 64 аймагындагы өз кишилерине кыргыздарга башкача мамиле жасап жүргүлө деп айткан. Аттокуров сөз аягында жакын арада маскөөлүк такыр баштар менен маскөөлүк кыргыз диаспорасынын ортосунда футбол боюнча мелдеш өтөрүн, азыр даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалаган.

“МК Кыргызстан” гезити буга чейинки ММКлар тараткан маалыматтарга кошулуу менен президент К. Бакиев акырындык менен Акаев лагеринен келген адамдардан кутула баштаганын, эми ал “өз кишилерин” коюп алган соң жазында оппозиция менен жөн эле азыркы жашоого нааразы адамдарга аңчылыкты күчөтөөрүн эскертти.

Ал эми Елена Агееванын салттуу түрдөгү “Президентке кат” макаласынын айрым жери мындай. Аны кыргызчалап окуй кетели: “Курманбек Салиевич, биз мындан ары редакциябыздын ар бир бөлмөсүнө сиздин сүрөтүңүздү илип чыгалы деп жатабыз. Аан анын алдына Ала-Букалык мугалим Абдрахман Хасанбаевдин: “Биздин президент – Алла Тааланын жердеги өкүлү. Ким аны сындаса тозоктун отунда өрттөнөт!” деген өлбөс-өчпөс сөзүн жазып коебуз. Анын айланасын андан дагы өлбөс-өчпөс сиздин: “Облус губернаторлору жана министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин дайындоодо бир сом да алынган жок, мүмкүн алар өздөрү эле берип жатпаса мен билбейт экемин. Кыргызстандагы коррупция деңгээлинин ушунчалык төмөндөшүн дагы кайсыл жерден көрө аласыңар” деген сөзүңүз көркүнө чыгарып турат” деп жазды.
XS
SM
MD
LG