Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Ала-Тоонун ары жагынан салам!!!


Туугандар! Жакшы билесиздер, өткөн жылы "Манас" эпосу ЮНЕСКОго Кытай мамлекети тарабынан катталып кеткен. Буга кыргызстандык кээ бир атуулдар кытайлык кыргыздарды күнөөлөп келет. Буга жооп кылып Кытайдан Жумалы деген агабыз буларды айтат:

"Бул балдарынын атам сеники, атам меники деп талашканындай эле иш болуптур. ЮНЕСКО бизге деле тансык эмес болчу. Болсо ага кыргызы бул сыймыкты алып инисине мактанса болот болчу. Эми бул жердеги ини кыргыздар тиги кылымдын 60-жылдарынан бери ак эткенде так этип, оболу бул асыл дүйнөлүк маданият мурасын тили тешилип калганча түшүндүрүп Уйгурду Аран <<Барикалла>> дедирип, Уйгуру барып кытайына түшүндүрүп <<Хао>> дедирип, анан ал кытай ангилистерди <<Ок!>> дедирген жарым кылымда, Ошол намыскөйлөр эмне кылып жүрдү экен. Кыргыз тилинин Кыргызстанда мамлекеттик статуска өтмөгү "Манастын" ЮНЕСКОго кирмегинен алда канча зарыл эле"...
(автордун стилистикасы сакталды)...

Сиздерден жооп күтөм туугандар! Манас маселесине кайдыгер карабайт чыгарсыздар?!..."
"
XS
SM
MD
LG