Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

Жыйырма көзгө атар колго түштү


Кыргыз жоокерлери Оштогу атайын операция учурунда, 22-июнь.
Кыргыз жоокерлери Оштогу атайын операция учурунда, 22-июнь.

Ош жана Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн атайын операциялар учурунда жыйырмадан ашык көзгө атар кармалды. УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматына караганда, алардын жетөө чет элдиктер.

Ошол эле учурда атайын операциялардын учурунда карапайым тургундарды уруп-сабоо, кээде тоноого жол берилип жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Тергөө иштери жүрүп атканына байланыштуу укук коргоо органдары колго түшкөн көзгө атарлар кайсы мамлекеттин жарандары экендиктерин айтпай жатышат. Эми алардын күнөөсүн сот аныкташы керек.

Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Ош шаарында жана Ош областында кооптуу жерлерди тинтүү, тазалоо операциясы улантылууда. Тосмолонгон айрым көчөлөр, кварталдар толук ачыла элек. Ошондуктан күч структуралары тазалоо жүргүзүүгө мажбур. Операция учурунда курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатат:

- Албетте, тазалоо учурунда кагылышуу коркунучу пайда болуп атат, ошондой болсо да биз мажбурбуз. Анткени биринчи кезекте муну эл талап кылып атат. Роза Исаковна да бизге бардык элдүү пункттарды ачууга бир нече күн берген. Ага жараша алгылыктуу тыянактар бар. Курал жарактар, автоматтар, пистолеттер алынып атат. УКК кызматкерлери кечээ жардыргыч салынган 42 идиш тапты, элестетсеңер кандай трагедия болмок. Эки күн мурда жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармаганбыз, алар теракт жасоого аракет кылганы байкалды, жардыргычтар алынып, тергөө жүрүп атат. Маңзаттар да табылып атат. Бул маңсоодагерлердин да окуяга тиешеси барын кабарлап турат,-деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Укук коргоо органдары 11-13 июндагы тополоң күндөрү уюшкан топтор милиция бөлүмдөрүн, аскер бөлүктөрүн басып алып, жуздөгөн ок атуучу куралдарды тартып алышкан фактылар болгонун билдирүүдө. Азыр эми ошол куралдарды түшүндүрүү иштери менен дагы, айрым кооптуу жерлерди тазалоо-тинтүү жолдору менен кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.

Ошол эле учурда облустагы айрым аймактарды куралсыздандыруу жана тартипке келтирүү операциялары учурунда, айрым жоокерлер адамдарды уруп-сабоо, кээде тоноого чейин барышканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев «Азаттыкка» ушундай арыз-дооматтар болуп жатканын белгилеп, андай фактылардын үстүнөн прокуратура органдары иш алып барып жатканын билдирди.

Укук коргоочулар дагы атайын операциялар учурунда карапайым элге зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү болуп жатат деп күч органдарынын аракеттерин сынга алып жатышат.

XS
SM
MD
LG