Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Иракта террорчулар жандана баштады


Багдадын Мрайди базарында жарылган бомбадан соода күркөрлөрү да жарактан чыкты.
Багдадын Мрайди базарында жарылган бомбадан соода күркөрлөрү да жарактан чыкты.

Иракта өткөн ишембиден бери эле террорчулар уюштурган кыянаттардан эки жүздөн ашуун бейжазык адамдын өмүрү кыйылды. Шаршемби күнү кечке жуук Багдаддагы кан базарлардын биринде жарылган бомбадан 72 киши набыт болду. Экстремисттердин активдешкенине карабай келерки аптада өлкөнүн бардык шаарларынан америкалык аскерлер чыгарылганы жатат.

Шаршемби күнкү окуя Багдаддын Садр-сити районунда эл базардан тарап жаткан маалда болду. Террорчулар бомбаны жашылча жүктөлгөн арабага катып кеткен экен.

"Жыгач араба базардын орто ченинде, адатта адамдар көп болчу жерде турган. Ага эч ким деле көңүл бурган эмес. Капыстан эле ал дүң этип жарылып, асманга жалын бүркүлдү. Жака-бакадагылар баары чалгы менен чапкандай сулап калышты",-деп айтты окуяны өз көзү менен көргөн соодагерлердин бири.

Кыянат үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Бирок бийликтер дароо эле муну "Ал-Каиданын" жергиликтүү уюмунан көрүштү. Акыркы алты күн ичиндеги балааматтардын барын да ошолордун эсебине жазышты.

Өткөн ишембиде түндүктөгү Киркук шаарындагы мечиттердин биринде жанкечти-шофер дүрмөткө шыкалган машинасын намазга жыгылганы келген адамдарга жуук айдап келип, жардырып жиберген эле. Баш-аягы сексенден ашуун киши мерт кетип, жарадар болгондор жүз элүүдөн ашкан. Андан соң дүйшөмбү күнү жалпы өлкө боюнча алты жерде бомба жарылып, отузга чукул адам опот болду.

Америкалык аскер чиновниктери менен ирак өкмөтүнүн өкүлдөрү булардын баары эмдиги аптада боло турган маанилүү окуяга байланышы бар экенинен шектенишкен жок. Бир жыл мурда кол коюлган келишимге ылайык алдыдагы шейшембиден тартып Ирактын бардык шаарларынан америкалык аскерлер чыгарыла баштайт.

Экстремисттердин активдешкени бул ишти токтото албай турганын Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс тастыктады. "Ирак менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттү - 30-июнду – биз бузгубуз келбейт",-деп айтты ал Вашингтондогу маалымат жыйынында.

Ирак президенти Жалал Талабани да террорчулардын акыркы кыянаттарын айыптап, өлкөдөгү коопсуздуктун жоопкерчилигин өзүнө өткөрүп алуудан ирактыктарды алар айныта албай турганын бышыктады.

Келерки аптанын этегине чейин америкалык контингенттин баары ири шаарлардан атайын базаларга жайгаштырылып бүтөт. 2011-жылы алардын баары Ирактан чыгарылат.

XS
SM
MD
LG