Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Иран: Саберинин өкүмү өзгөртүлөбү?


Роксана Сабери Ирандын мурдагы президенти Мухаммед Хатами менен.
Роксана Сабери Ирандын мурдагы президенти Мухаммед Хатами менен.

Ирандын сот бийликтеринин билдиргенине караганда, журналист Роксана Сабери апелляция менен кайрылды. Теги ирандык америкалык журналист АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен ишембиде Иран соту тарабынан 8 жылга түрмөгө кесилген.

Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Саберини тезирээк бошотууга үндөдү. Анын алдында президент Барак Обама журналисттин актыгына ишенээрин айткан. Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы Чехия 20-апрелде билдирүү жасап, Саберинин соту адилет жана ачык болгон жок деп, аны бошотууга үндөдү.

Батыштын мындай үндөөлөрүнө Тегеран азырынча кыска билдирүүлөр менен гана жооп кайтарып келатат.

- Эларалык нормаларга ылайык, сот чыгарган өкүм урматталууга тийиш. Иран соту чыгарган өкүмдү бардык өлкөлөр сыйлашат деп ишенебиз, - деди дүйшөмбүдө Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хасан Кашкави.

Ошол эле маалда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ишембиде Тегеран шаарынын прокурорун Саберинин коргонуу укуктары камсыздалууга тийиш деп үндөгөн. Ал эми өлкөнүн сот тармагынын жогорку жетекчиси Аятолла Махмуд Хашеми Шахруди апелляциялык сот бул ишти “бардык тараптан, тез, этият жана адилет” кароого тийиш деп 20-апрелде ырастады.

Иран бийликтеринин мындай кадамдары эл аралык коомчулуктун сын сөздөрүн жумшартууну көздөгөнсүйт.

31 жаштагы журналист АКШнын Улуттук коомдук радиосу (NPR) жана Би-Би-Си (BBC) менен кызматташчу. 6 жылдан бери ал Иранда жашап келген. Быйыл 30-январда камалганда Сабериге алкоголь ичимдигин сатып алган деген айып тагылган. Кийин ал журналисттик аккредитациясыз иштегендиги үчүн да күнөөлөндү.

8-апрелде болсо Ирандын революциялык соту Сабери журналисттик ишмердигине жамынып, АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп жар салды. Бирок журналисттин адвоктына ага тагылган айыптардын тизмеси соттун алдында, 14-апрелде гана берилген.

Хьюман Райтс Уоч эларалык укук коргоочу уюмдун ырастоосунда, сот жараяны шашылыш, жабык эшик артында өткөндүктөн, Саберинин адвокаты аны жакшылап коргоого мүмкүнчүлүк ала алган эмес.

Бул аралыкта Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, укук коргоочу адвокат Ширин Эбадинин кеңсесинен маалымдашкандай, ал Саберини сотто коргоого даяр.

Бирок апелляциялык сот кандай аяктаарын азырынча айтуу кыйын.

Шахруди Тегеран сотунун жогорку өкүлүн иш боюнча бардык далилдерди чогултууга үндөгөн. Буга караганда, тыңчылык деген айып алынып салышы ыктымал. Эмне дегенде, аны далилдеген фактыларды каттоо оңой эмес. Ошентип, журналистке керектүү кагаздарсыз иштеген деген айып гана тагылышы мүмкүн. Саберинин өзү да аккредитациясынын мөөнөтү соңуна чыкканын таңган жери жок.

Анын адвокаты Абдулсамад Хоррамшахи өкүмдүн жумшартылышына үмүт кылат:

- Апелляциялык сот аны актайт же жок дегенде жаза мөөнөтү кыскартылат деп үмүттөнөм.

Бирок бул ишти эл аралык саясий кырдаал да татаалдаштырууда. АКШнын президенти Барак Обама Иран менен тикелей сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген. Тегеран андай сүйлөшүүлөр Иран жана анын кызыкчылыктары урматталганда гана мүмкүн болот деген ишара кылууда. Мындай саясий абалда Саберинин камалышын айрым аналитиктер Вашингтон үчүн сынак катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG