Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

"Алтылык" менен Иран кайра жолугат


Иран делегациясынын башчысы Саид Жалили тегерандык делегация Женевага "жакшы санаа" менен баратканын билдирди.
Иран делегациясынын башчысы Саид Жалили тегерандык делегация Женевага "жакшы санаа" менен баратканын билдирди.

Бүгүн Женевада эл аралык "алтылыктын" өкүлдөрү иран делегациясы менен жолугат. Сүйлөшүүлөрдө Тегерандын атом программасына байланыштуу жагдайлар талкууланат.

Эл аралык "алтылыкка" Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү – АКШ, Британия, Кытай, Россия жана Франциядан тышкары Германия кирет.

Иран өткөн айдын этегинде уран байыткан дагы бир ишканасы бар экенин моюнга алып, анын соңунан аскерий машыгуулар маалында ракеталарын сынады. Ушундан соң батыш өлкөлөрүндө Тегерандын пландары тууралуу күмөн-күдүктөр күч алды.

Буга чейин Коопсуздук Кеңеши Ирандан уран байытуу ишин токтотууну талап кылып,беш резолюция кабыл алды, жазаналарды жарыялады. Тегеран коюлган айыптардын баарын четке кагып, өзүнүн атом программасын өлкөнүн өңчөй энергетикалык керектөөлөрүнө багытталган деп ырастап келатат.

АКШ президенти Барак Обама атомдун күчүн тынч максаттарга пайдаланганга Ирандын укугу бар экенин ырастап, бирок ишканалардын көлөмү мындай программага ылайык келбей жатканын эскерткен.

The Financial Times гезити британ чалгындоо мекемелерине таянып, Иран 2006-жылга чейин жашырын мүнөздө атом дүрмөттөрүн жасоону долбоорлоп келгенин кабарлады. АКШнын атайын кызматтары болсо бул ишти Тегеран 2003-жылы эле токтоткон деп ырасташкан эле.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жакында Башкы Ассамблеяга катышканы Нью-Йоркто болгон президент Махмуд Ахмединежад менен жолугуп, Иран өз программасынын өңчөй жайчылык максаттарга арналганын дүйнө коомчулугуна ачык көрсөтүп бериши керектигин эске салган.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө иран делегациясын Саид Жалили жетектейт. Кечээ Женевага жөнөп жатып, ирандыктар жолугушууга позитивдүү маанай жана жакшы санаа менен баратканына ишендирди. Ал эми Ирандын атом өнөр жайынын жетекчиси Али-Акбар Салехи уран байытуу ишин бир мүнөткө да токтотпойбуз деп билдирди.

"Эгер кеп жалпы куралсыздануу, атом материалдары менен технологияларын таркатпоо, тынчтык мүнөздөгү программаларда кызматташуу сыяктуу маселелер тууралуу болсо, биз бу жагынан бардык талкууларга даярбыз. Бирок биз өзүбүздүн суверендүү укуктарыбызды талкууга салбайбыз, Женевадагы сүйлөшүүлөрдө ушуну эске салгыбыз келет",-деп айтты ал.

Ошентсе да Евросоюздун тышкы саясатын тескеген Хавер Солана "алтылыктын" өкүлдөрү Тегерандан анын программасы тынчтык максаттагы программа экенине кепилдик алганга үмүт кылып жатканын белгиледи.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдө "алтылыктын" өзү Иранга бир позициядан талап кое аларына да толук ишенич жок. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул иште сабырдуулук керектигин дагы бир ирет кайталады. Кытайдын тышкы иштер министрлиги болсо "санкциялар жана кысым көрсөтүү" пайдасыз болорун айтып, дипломатиялык күч-аракеттерди улантканга чакырды.

Америкалык эксперт Майкл Рубин да Кытай менен Россиянын колдоосуна үмүт аз деп эсептейт. Бирок Женевадагы жолугушуу майнапсыз аяктаган күндө деле аракеттерди токтотуп койгонго болбойт, анткени сүйлөшүүлөрдөн башка натыйжалуу каражат жок.

XS
SM
MD
LG