Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Жаңы мал ылаңына каршы чукул даярдык


Индонезияда мал догдур сасык тумоо болгон торопойго ийне сайып жатат. Чочко сасык тумоосунун вирусунун адамга жуга турган жаңы түрү дүйнөдө жайылууда.
Индонезияда мал догдур сасык тумоо болгон торопойго ийне сайып жатат. Чочко сасык тумоосунун вирусунун адамга жуга турган жаңы түрү дүйнөдө жайылууда.

Чочко сасык тумоосунун жаңы жана кооптуу түрүнүн жайылышына жол бербөө аракетинде көп өлкөлөр көзөмөл чараларын күч алдырышууда. Ошол эле убакта айрым бийлик өкүлдөрү саламаттыкка коркунуч тууралуу эскертүүдөн тополоң-тоз чыгып кетпешин кепилдөөгө аракеттенип жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык уюму жаңы ооруну куш, чочко жана адам вирусунун аралашмасы болгон Эй/Эйч-Ай-Эн-Ай вирусунун өзгөчөлүү түрү деп мүнөздөшүүдө. Ал адамдан адамга чүчкүргөндө же оору менен түздөн түз контактта болгондо өтөт. Аны жуктурган адамдын эти бир заматта эти ысып чыгат, булчуңдары, тамагы ооруп, кургак жөтөл башталат.

Чочконун сасык тумоосуна атайын вакцина жок, ал эми кадыресе сасыктумоо вакцинасы канчалык жардам берээри анык эмес. Бирок бул ылаңга туш келгендерге Тамифлю жана Реленза дарылары жардам берүүдө. Дүйнөлүк Саламаттык уюму анын аралыгында жаңы вакцина ойлоп табуу ишин шашылыш баштады.

Эпидемиянын чордону 20 миллион калкы бар Мехико шаары болуп калды. Мында бул оору менен 1300 киши катталды. Мексика бийликтери бул ылаңдын курмандыктары 100дөн ашкандыгын билдирүүдө. Айрым саламаттык адистеринин айтымында, Мексикада эпидемиянын чыгып кетиши дарыгерлер башында чочко сасык тумоосунун жаңы түрү чыккандыгын билишкен эмес.

Жекшембиде Мексиканын президенти Фелипе Калдерон элди тынчтантууга аракеттенди:

– Бул коркунучтуу, бирок айрыкча эрте аныкталса, айыктырууга боло турган оору. Мехикодо бардык ооруларды дарылоого дары жетишет. Бул өтө маанилүү. Бул ооруну айыктырса болот жана бизде дары бар.

Чындыгында да, чочко же куш сасык тумоосунун вирусу адамдан адамга жуга турган формага өтүшү мүмкүн экендигин окумуштуулар көп жылдардан бери эскертип келишкен. Ошондуктан көп өкмөттөр эпидемия коркунучуна деп вируска каршы дарыдан кенен алып коюшкан.

АКШда Ички коопсуздук катчысы Жанет Наполитано жекшембиде өлкө боюнча коомдук саламаттык жаатында чукул абал жарыялады. Мындай абал Тамифлю менен Релензанын кол тийбес топтомунун төрттөн бирин бөлүүгө жол ачты. Наполитано элди ашкере камтама болбоого чакырганы менен, айрым саламаттык өкүлдөрү коркунуч күчтүү экендигин айтышууда.

Нью-Йорктогу орто мектепте сегиз окуучу бул дартка чалдыкканы аныкталды, төрт штатта да 12 учур катталды. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун өкүлү Анн Шучат оору жайылган сайын курмандыктар да болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Канадада алты, Испанияда Мексикадан кайтып келген бир киши жаңы ылаң менен ооруп калганы аныкталды. Европанын башка бөлүктөрүндө, Израилде жана Жаңы Зеландияда да шектүү учурлар тууралуу кабарланууда.

Азияда бир нече өлкөдө Мехикодон жана Кошмо Штаттарынан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерип, сасыктумоонун белгилери барларын карантинге ала башташты.

Британияда сасык тумоого адистешкен доктор Жон Макколи учак жүргүнчүлөрүн текшергенди туура деп эсептейт:

– Пандемия болгондо, алгач жаңы вирус адамдарда пайда болот, анан ал тез эле адамдан адамга жугат, бүгүнкү заманда биз көп саякаттайбыз, ошондуктан, мындай дарт дүйнөгө тез эле тарап кетиши мүмкүн.

Европа комиссиясы дүйшөмбүдө Евробиримдиктин саламаттык министрлерин бейшемби чогулуп, чочко сасык тумоосунун жайылышынын коркунучун талкуулашаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG