Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Хиллари Клинтон “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн колдоого алды


Кечээ (5-апрелде) АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Прагадагы башкеңсесинин жаңы имаратына келип, андагы жамаат менен жолукту.

АКШнын учурдагы тышкы саясатын багыттаган Мамдепартаментти жетектеген Хилари Клинтон айым “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жамаатынын ишине өзүнүн колдоосун билдирүү менен катар, жамаатты жаңы кеңсеге көчүшү менен куттуктады.

- Мындан 12 жыл мурда Сиздер менен жолукканымдан бери мөмөрчүлүктүн мыкты үлгүсү болуп калган ушул имаратка көчүп кирген экенсиздер. Ушул убакыт ичинде Сиздер Ирак, Иран, Түндүк Кавказ жана Ооганстан сыяктуу аймактарга берүү уюштурган үналгыларды кошкон экенсиздер. Сиздер аудиторияңыздарды да өзгөчө кеңейтипсиздер жана медиа каражаттарынын арасында атаандаштык уламдан-улам күчөгөн кырдаалда башкаларга салыштырмалуу тың деңгээлде келе жаткан экенсиздер. Бул - мыкты аткарылган иштин жыйынтыгы дейм!

Хиллари Клинтон айым учурда демократиялык баалуулуктар тууралуу маалыматты кеңири таркатууну улантуунун зарылдыгын да баса белгиледи:

- Президент Барак Обама жана мен өзүм америкалык баалуулуктарды түшүндүрүү жаатында дурусураак иш алып баруу керек деп өзгөчө ишенебиз. Биринчиден, биз ушул баалуулуктарга ылайык жашашыбыз керек жана, экинчиден, биз аларды түшүндүрүп беришибиз ылаазым.

Хиллари Клинтон айым адам укуктары үчүн күрөш - машакаттуу, узак мөөнөттүк жана эл аралык деңгээлде көңүл бурууну талап кылган асыл иш экендигин да эскертти:

- Биз ар бир балага, ал кайсы жерде төрөлгөнүнө карабастан, ал эркек бала болобу, же кыз бала болобу, ага карабастан, айтор, ар бир балага Кудай жалпы берген кубатка ылайык турмуштагы бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу, адамдын ар-намысын, жекече укуктарын жана жоопкерчиликтерин кадырлай турган асыл-нарктар камтылган кеңири эл аралык келишимди түзүүнү каалайбыз. Буга жетишүү үчүн жол узак экенин биз азыр билип турабыз, бирок биз ошол эле учурда төмөнкү нерсени да дурус билебиз – эгерде биз буларды аткаруу үчүн умтулбасак, анда эч кандай илгерилей албайбыз. Сиздер мында жүзөгө ашырып жаткан иш – Америка колдоого алган ар кандай мүдөөнүн эң негизги, эң өзөккү бөлүгү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG