Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:20

АКШ чет жердеги жашыруун түрмөлөрүн жапты


АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчиси Леон Панеттанын билдирүүсүнө караганда, башкармалык чет жердеги террорчулук иш-аракеттерди жасаган деп шектелгендер кармалчу жашыруун түрмөлөрүн жапты.

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын чет жерлердеги жашыруун түрмөлөрдү колдонууну токтоткону тууралуу маалымат, анын жетекчилигинин кызматкерлерине жолдогон катында айтылат.

Өткөн жума соңунда таркатылган катта, андай жашыруун түрмөлөр кайсыл жерлерде болгондугу тууралуу айтылган эмес. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Леон Паенттанын катында, тиешелүү кызматкерлер андай жашыруун түрмөлөрдү жабуу үчүн жөнөтүлдү.

Катта ошондой эле АКШ президенти Барак Обама январь айында кызматына киришкенден тарта чалгындоо башкармалыгы бир дагы жолу чет жердеги жабык түрмөлөрдү пайдаланбаганы, 2002-жылдан тарта 2009-жылга чейин АКШнын адилеттик министрлиги уруксат бергендей бир дагы жолу кеңейтилген суракка алуу түрлөрүн колдонбогону айтылат.

Маселен, буга чейин Гуантанамо сыяктуу АКШнын өлкө тышындагы аскер күчтөрү колдонуп келген түрмөсүндө террорчулукка шектүү делгендерге карата сууга думуктуруу сыяктуу кыйноо түрлөрү колдонулуп келген. Бирок алардан айырмаланып, чалгындоо башкармалыгынын жайлары кай жерде жайгашканы, ал жактарда кимдер кармалып турганы тууралуу бир дагы маалымат жок.

Ошентсе да жашыруун абактардын жабылышы тууралуу маалыматка байланыштуу президент Обаманын азыркы саясаты шайлоо алдындагы убадаларына шайкеш келип жатканы да айтылууда.

Февраль айында бул кызматка дайындалар алдында чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Панетта конгресс алдында сөз сүйлөп жатып, буга чейин чет жерлердеги жашыруун абактарда террорчулук иш-чаралар үчүн шектелгендерге айрым кыйноо түрлөрү колдонулуп келгенин билдирген:

«Мисалы биз, шектүү делген адамды камап, кийин аны чет жактардагы жашыруун түрмөлөргө суракка жиберип келгенибиз маал-маалы менен көптөгөн суроолорду жаратып келди. Албетте мындай нерселерди адамзаттык баалуулуктар жагынан алганда оңдоого туура келет»,- деген эле Панетта.

Буга чейин андай жабык жайларды укук коргоочулар менен маалымат каражаттары сынга алып, Европа парламенти АКШ өкмөтүнөн андай жайлар тууралуу маалымат берүүсүн талап кылган.

2006-жылы АКШнын мурдагы президенти биринчи жолу жашыруун түрмөлөр бар экенин моюнга алып, андай жайлар террорчулукка каршы күрөшүү үчүн керектигин айткан. 2007-жылы июнь айында Европа кеңеши АКШнын жашыруун түрмөлөрү 2003-2005-жылдар арасында Польша менен Румынияда болгонун билдирген. Ошондой эле андай жайлар Ооганстан, Таиланд жана Иорданияда болгондугу тууралуу маалфматтар тараган.

Эми чалгындоо башкармалыгы ал жайларын толук жапканын билдирип, анда иштегендерди суракка алуу сыяктуу аракеттер жүргүзүлбөсүн, анткени алар учурунда мыйзамдуу иштешкенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG