Кайыр-маазир сөзүнүн башталышында Жорж Буш кара түспөл калктын өкүлү президент болуп шайланганын “америкалык идеалдардын соолугус күчүн көрсөткөн” окуя катары баалап, муну “жалпы улуттун сыймыгы” деп атады. Барак Обамага ал ири ийгиликтерди каалады.
Өз саясатына токтолуп, Буш “жети жыл ичинде АКШ террорчулардын кооп-коркунучу жок, тынч жашаганын, дүйнөгө эркиндиктин идеяларын жайылтуу ишине иркектеш боло алганын” белгиледи. Буш, атап айтканда,”Ооганстан “Талибан” менен “Ал-Каиданын” сыйынт жеринен жаш демократияга”,ал эми Ирак “кандуу диктатурадан жана АКШнын сөөк өчтү душманынан анын досуна, араб дүйнөсүндөгү демократиянын маягына айланды” деп ырастады.
“Мага чейин бул кызматта турган бардык адамдардай эле менде да оңунан чыкпаган бир топ иштер болду. Эгер ылаажы болсо,алардын айрымдарын өзгөртөт элем”,- деп агынан жарылды Буш. Бирок “дайыма өлкөнүн жалпы кызыкчылыгын эске алып аракеттенгенин” баса бөлүп көрсөттү.
Экономикалык кризис темасына кайрылып,Буш “көпчүлүк үй-бүлөлөргө азыр кыйын болуп жатканын” моюнга алды. “Бирок биз чечкиндүү чараларды көрбөгөндө ал мындан оор болмок”,-деп кошумчалады.
Жаңы кылымдын чалкеш проблемаларын чечүүдө Буш Америка моралдык артыкчылыкты сактап калууга тийиш деп эсептейт. Азыркы заманда деле жакшылык менен жамандыктын айкашы кала электигин,алардын ортосунда эч качан мунаса болбой турганын да эске салды. Буштун айтымында,азыр дүйнөдө эки идеологиянын – фанатизм менен эркиндик идеологиясынын күрөшү жүрүп жатат. АКШ мындан ары да акыйкаттын жана чындыктын коргоочусу бойдон калышы керек.
“Силердин президентиңер болгонум - өмүрүмдөгү эң улуу сыймык. Мындан ары да АКШнын жараны деген наамды урмат менен алып жүрмөкчүмүн, анткени мага мындан арткан ыйык наам жок”,- деп айтты Буш сөзүнүн соңунда.
Дүйшөмбү күнү президент катары журналисттер үчүн да Буш соңку ирет маалымат жыйынын өткөргөн эле. Анын жүрүшүндө өзүн оңтойсуз абалга калтырган бир нече окуялар болгонун айтып, алардын ичинде Ирактагы Абу-Грейб түрмөсүндөгү айыш-аширетти, “Катрина” капсалаңынан кийинки өкмөттүн аракетин атаган эле.
Бушка катарлаш мамлекеттик департаментте Кондолиза Райс да тышкы саясий мекеменинин кызматкерлери менен коштошту. “Конди мага эми “өз карындашым” болуп калды”,- деп айтты Буш мамдепартаментте. Райсты Буш “АКШнын тарыхындагы эң улуу мамкатчылардын бири катары” баалады.
Буштун бийлик мөөнөтү 20-январда чак түштө бүтөт. Американын жаңы тарыхында ал популярдуулугу жагынан эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон президент катары бийликтен кетүүдө.
Эл аралык укук коргоочу бир катар уюмдар,алардын ичинде Human Rights Watch Жорж Буштун сегиз жылдык бийлиги дүйнөлүк “демократия үчүн депрессиянын доору” , ал эми “адам укуктары үчүн алаамат заман” болду деп эсептешет.