Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

HRW Пан Ги Мундун сапарынан үмүткөр


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Борбор Азиядагы сапары башталды.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Борбор Азиядагы сапары башталды.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Борбор Азиядагы сапары башталды. Баш катчы аймактагы бардык өлкөлөрдө болот. Ушундан улам Human Rights Watch уюму өз сапары маалында Пан Ги Мун адам укуктарынын абалын атайын сөз кылат деген үмүтүн билдирди.

Human Rights Watch, атап айтканда, адам укуктарын Борбор Азиядагы эң чалкеш жана зарыл проблема деп атап, баш катчыны бардык өлкөлөрдө жогорку деңгээлдеги жолугушуулар учурунда бул маселени башкы темалардын бири катары сөз кылганга чакырды.

"Эгер Улуттар Уюмунун баш катчысы – дүйнөдөгү эң маанилүү уюмдун жогорку лидери – адам укуктарын козгосо, менимче, бул маселенин мааниси көтөрүлмөк. Баш катчы өңдүү эң мартабалуу адам сөз кылганда адам укуктары жагындагы проблемалардан аймактагы лидерлерге буйтактап кетүү өтө кыйын болмок", - деп айтты Human Rights Watch уюмунун өкүлү Рейчел Денбер.

Баш катчы адегенде Ашхабадда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Денбер ушундан улам Ашхабадда баш катчы эл аралык көзөмөл үчүн Түркмөнстандын ачык болушу, саясий айыпкерлерди бошотуу, мурдагы президент Ниязовдун тушунда саясий репрессияларга кабылган адамдардын иштерин ачык-айкын негизде кайра карап чыгуу зарылдыгы сыяктуу маселелерди козгойт деп үмүт кылат.

Адам укуктарынан тышкары Пан Ги Мун аймактагы чек ара, суу ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетика өңдүү талаштуу маселелерди, аларды чечүү жолдорун талкуулайт.

Ашхабаддан соң баш катчы Бишкекте болот жана президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан соң сапарын Өзбекстанда улантат. Бул өлкөнүн өкмөтү беш жыл мурдагы Анжиан окуяларын көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен изилдеп чыгуу сунушун четке какканы үчүн жакында Улуттар Уюмунун адам укуктары комитетинде сынга алынган эле. Human Rights Watch өлкөдө жарандык укуктарга бийликтердин жапырыгы улам жайылып, чабыты кеңейип баратат деп эсептейт.

Денбер ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен жолуккан кезде да бул жагынан баш катчы тикесинен койо турган проблемалар арбын экенин белгиледи.

Борбор Азияга мындан сегиз жыл илгери Улуттар Уюмунун ошо кездеги баш катчысы Кофи Аннан келип кеткен эле.

Айрым байкоочулар Пан Ги Мундун сапары региондо адам укуктары чөйрөсүндөгү абалга анчейин деле таасир тийгизе албайт, ага караганда борборазиялык автократ лидерлердин легитимдүүлүгүн бекемдегенге жүйө болуп бериши мүмкүн деп чочулашат. Мунун мисалы катары былтыр баш катчы Мянмада болгондо бу чөйрөдө айрым бир жылыштар болот деп үмүт кылышканын, бирок ал акталбаганын айтышат.

Деген менен Денбер натыйжа чыгар-чыкпасына карабастан баш катчы Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалын сөз кылганга милдеткер деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG