Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Азербайжан Европа кеңешиндеги мүчөлүгүнөн айрылышы мүмкүн


18-марттагы референдум Илхам Алиевдин мамлекет башчылыгына түбөлүк шайлануусуна жол ачты.
18-марттагы референдум Илхам Алиевдин мамлекет башчылыгына түбөлүк шайлануусуна жол ачты.

Азербайжандын шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, ушул шаршембидеги референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү колдоду.

Өзгөртүүлөрдүн бири азыркы президент Илхам Алиевдин мамлекет башчылыгына өмүр бою шайлануусуна жол ачат. Бирок Европа кеңешинин өкүлүнүн айтымында, эгер бул референдумдун чечимдери ишке ашырылса, Азербайжан акыр аягында аталган уюмдагы мүчөлүгүнөн айрылуусу мүмкүн.

Адам укуктарынын абалына көз салган Европа кеңешинин бир палатасы - Жергиликтүү жана аймактык бийликтер боюнча конгресстин президенти Иан Микалефтин (Ian Micallef) айтымында, Конституцияга киргизүү үчүн референдумда жактырылган өзгөртүүлөр менен Азербайжан демократия боюнча 2002-жылы аталган уюмга кошулууда берген убадаларын бузууда.

Ал "Азаттык" үналгысынын кабарчысы менен маегинде белгилегендей, президент Илхам Алиевге мамлекет башчылыгына өмүр бою кайра шайлануусуна мүмкүндүк берген өзгөртүүнүн ишке ашырылуусу менен оболу Азербайжан делегациясынын Жергиликтүү жана аймактык бийликтер боюнча конгресстеги иши токтотулуусу, акыр аягында Баку кеңештеги мүчөлүгүнөн айрылуусу мүмкүн.

Иан Микалеф кошумчалгандай, Еврокеңештин Жергиликтүү жана аймактык бийликтер боюнча конгресси Азербайжан боюнча алгачкы чараны апрель айындагы жыйынында эле көрөт:

- Биз эгер Азербайжандын өкмөтү өз милдеттемелерин аткарбаса, Азербайжандын Конгресстеги делегациясынын ишин токтотуу үчүн зарыл болгон процедураларды баштоону чечтик. Бул Бакуга каршы акыркы чара болот. Бирок жараян, албетте, өкмөт милдеттемелерин урматоого барбасын ачык көргөзгөндө, дароо эле башталат.

Азери парламентинин тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Бакудан Европа кеңешинин өкүлү Иан Микалефтин жогорудагы билдирүүсүнө жооп кылып, ал Азербайжандагы кырдаал тууралуу тескери маалымат алганын билдирди. Бир эле учурда бийликтеги "Ени Азербайжан" партиясына мүчө болгон Самед Сейидовдун айтымында, Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы- ПАСЕнин өлкөгө келген делегациясы аны шаршембидеги референдум демократиялык жол менен өткөнүнөн ишендиришкен.

Референдумдун баштапкы расмий жыйынтыгына караганда, добуш берүүгө өлкөдөгү шайлоого укуктуу 4,8 миллион адамдын 70%дан ашууну катышты. Алардын 90%дан ашууну Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү колдоду.

Илхам Алиевдин жактоочуларынын пикиринде, бир эле адамдын президентикке эң көп дегенде эки эле мөөнөткө шайлануусун караган чектөөнүн жоюлуусу шайлоочулардын лидерди тандоо эркиндигин чыңдайт.

Азери оппозициясы референдумду бойкоттоого чакырган жана алар добуш берүү массалык мыйзам бузуулар менен коштолду деп эсептейт. Оппозициянын ырастоосунда, референдумда бюллетендерди урнага уучтап таштоо, бюллетен ташталуучу үкөктүн күн мурунтан эле толтурулуп коюлушу, бир адамдын кайра-кайра добуш берүүсү арбын орун алды.

Азербайжандын Элдик майданы менен Либералдык партиясынын лидерлери Али Керимли менен Лала Шовкеттин айтымында, алардын эсеби боюнча добуш берүүгө элдин 14-15%дайы эле катышты. Азербайжандын мыйзамы референдум жарактуу деп табылышы үчүн шайлоочулардын кеминде 25%ы келүүсүн талап кылат.

Ал эми оппозициядагы "Мусават" партиясы менен Республика кыймылынын лидери Иса Гамбар референдум Алиевдердин үй-бүлөсүн бийликте кармоо үчүн бурмаланды деп ырастайт:

Иса Гамбар 2003-жылкы шайлоодо Ильхам Алиевге атаандаш болгон.
- Биринчиси эл Алиевдин режимине жок деп айтты. Бул - референдумдун талашсыз жана маанилүү чындыгы. Экинчиси референдум Алиевдин үй-бүлөсүнүн бийликте туруусун узартууга багытталган, бирок акыр-аягында муну кыскартат. Биз, жарандык кыймылдын өкүлдөрү, ушул багыттагы күрөштү улантабыз. Мен күрөш Азербайжан элинин жеңиши менен аяктарына ишенем.

Азербайжандын Карабах жана Республика үчүн деп аталган оппозициячыл кыймылы референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн укуктук чараларды көрөрүн билдирди.

Президенттик кызматка ырааттуу эки эле жолу шайланууну караган чектөө алынып салынса, Азербайжан демократияга карай жолдон таярын Европа кеңешинин конституциялык маселелер боюнча органы – Венеция комиссиясы референдумга чейин эле эскерткен.


Азәрбайҗанда референдум 18.03.2009
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00


Бул тасмада кантип бир азери айымы 18-мартта өткөн референдумда үч жолу добуш бергени "Азаттыктын" азери кызматынын кабарчысы тарабынан чагылдырылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG