Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Түрктөр менен армяндар жарашканы жатышат


Ереван -- Оппозициядагы революциячыл федерация партиясынын мүчөлөрү армян-түрк мамилелерин жакшыртуу келишимине каршы ачкачылык акциясын башташты.
Ереван -- Оппозициядагы революциячыл федерация партиясынын мүчөлөрү армян-түрк мамилелерин жакшыртуу келишимине каршы ачкачылык акциясын башташты.

10-октябрда Түркия менен Армения дипломатиялык мамиле түзүү жөнүндө келишимге кол коюшат. Андан соң документ эки өлкөдө парламенттердин кароосуна берилет.

Документке тышкы иштер министрлери Женевада кол койгону жатышканын түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган кабарлады. Муну тараптар 31-августта макулдашкан эле.

Еревандагы аналитикалык борбордун директору Ричард Киракосян эки өлкөдө тең буга каршылык көрсөткөн аракеттер болгонун, бирок алар күткөндөгүдөй масштабга жетпегенин белгилеп, ушундан улам документке кол коюлуп калышы ажеп эмес деп болгоолоду.

Негизги проблема эки өлкөнүн парламенттеринен чыгышы ыктымал. Минтип жоромол кылганга эки жүйөө бар. Биринчиси – Осмон түрк империясынын тушундагы кызыл кыргын. Еревандын эсептеринде 1915-23-жылдардагы урушта түрктөрдүн колунан 1,5 миллион армян кырылган. Анкара болсо муну өтө эле апырталган санга чегерип, кызыл уук кыргын болгон эмес деп эсептейт. Экинчи себеп – Карабах маселеси.

Армениядагы бир катар партиялар түрктөр менен дипломатиялык алака түзүлгөн күндө да чек аранын ачылышына караманча каршы болуп жатышат. Мындай кадамды алар геноцид маселесинде Еревандын позициясын алсыратат деп эсептешет.

Башкаруучу Республикалык партиянын өкүлү Эдуард Шармазанов бул өтө кыйын-кычыктуу процесс болорун, 1-октябрдан тартып парламентте талкуулар башталарын маалымдап, документ бир отурушта эле ратификациядан өтүп кетпей турганын да кошумчалап эскертти.

Эксперт Киракосян парламентте өкмөтчүл депутаттар басымдуу көпчүлүктү түзөрүн эске алып, маселе акыры барып колдоого алынарынан анчейин деле күмөнсүнбөйт.Реалдуу проблемага түрк өкмөтү туш болчудай. Бу жерде өкмөттү азыртан эле өлкөнүн таламдарына зыян келтирди, буга кошо боордош Азербайжанды армяндарга "сатып жиберди" деп айыптап жатышат.

Түркиялык комментатор Барчин Ыйнанч дипломатиялык мамиле түзүүгө парламентте көп деле каршылык болбой турганын, ал эми чек аралардын ачылышына байланышкан маселе депутаттардан колдоо табарына көзү жетпей турганын моюнга алды. Муну ырастаганы ал түрк парламентинин спикери Мехмет Али Шахиндин Карабахка байланыштуу чатак жөнгө салынмайынча Анкара менен Еревандын мамилелерин нормалдаштыруу протоколу ратификацияланбайт деп айткан сөзүн келтирди.

Эксперт Киракосян эки өлкөдө тең коомчулукту бул ишке даярдоо жагынан түрк жана армян өкмөттөрү дээрлик эчтеме жасашпаганын чоң кемчилик катары баалады.

Президент Серж Саркисян 1-октябрдан тартып Францияны, Ливанды, АКШны жана Россияны кыдырып, бул өлкөлөрдө жашаган армян тайпаларына түрктөр менен түзүлө турган келишимдин пайдасын түшүндүргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG