Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Россия-Армения: аскерий ынтымак дагы бекемделет


Армения президенти Серж Саркисян жана Россия президенти Дмитрий Медведев. Сочи. 25-январь 2010.
Армения президенти Серж Саркисян жана Россия президенти Дмитрий Медведев. Сочи. 25-январь 2010.

Ереван жана Москва россиялык аскерлердин кылым ортосуна чейин Арменияда калуусун мүмкүн кылган келишимге кол коймокчу.

Бу келишимге президент Дмитрий Медведевдин 19-августта Арменияда башталган эки күндүк сапары маалында кол коюлат. Документ, талдоочулардын айтымында, Россиянын региондогу таасирин күчөткөнгө катар Армениянын коопсуздугуна да кепилдик берет.

Россия аскерлери Арменияда 2044-жыга чейин болот
Россиянын ракетадан коргоочу S-300 системасы Астрахань облусундагы Ашулук полигонунда. 3-сентябрь 2008


Ошентип, 1995-жылкы аскерий келишим дагы 24 жылга узартылды. Ага ылайык, Россиянын аскерлери Арменияда 2044-жылга чейин кала бермекчи жана Москва Арменияны алдыңкы аскерий техника менен камсыздап, куралдуу күчтөрүн модернизациялоого көмөктөшүүгө тийиш.
Азыр Армениянын батышында Россиянын Миг-29 согуштук учактары жана S-300 ракетадан коргонуу системасы жайгашкан.

Жаңы келишим тууралуу Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян орус телеканалына берген интервьюда мындай деди:

-Биз бу келишимди иштеп чыгуу жана ага кол койуу демилегсин колдодук. Келишим Евроатлантика жана Евразия кеңдигиндеги бардык мамлекеттердин бирдиктүү коопсуздугу сыяктуу мыкты элементтерди камтыйт. Кайсы бир өлкөнүн коопсуздугун экинчи бир өлкөнүн эсебинен камсыздоо, кайсы бир мамлекетти камоого алууга жол берилбеш керек. Ошон үчүн бул демилгени толук колдойбуз.

Арменияны башкаруучу Республикалык партиянын өкүлү Эдуард Шармазановдун билдиришинче, жаңы пакт Армениянын чек арасын коргогонго катар Азербайжандын Тоолуу Карабах маселесин күчкө таянып чечүүсүнө бөгөт койот.

Армян калктуу Тоолуу Карабах чөлкөмү 1991-жылы өзүн Азербайжандан күнкорсуз өлкө деп жарыялаган. Карабах чатагынан улам Азербайжан жана армян аскерлери арасында чыккан согуш дээрлик алты жылга созулуп, 1994-жылы Москванын арачылыгы менен токтотулган. Ошондон бери анклавдын атырабындагы жерлер Армениянын ээлигинде. Урушта, айрым маалыматтар боюнча 20 миңден 30 миңге чейин адам өлүп, 1 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап кеткен.

Президент Д. Медведев(солдо) Азербайжан президенти И. Алиев менен Сочиде чаңгы тээп жүрүшөт. 25-январь 2010
Көпчүлүк серепчилер келишим Арменияга пайда алып келбейт, анткени эч бир өлкө тааныбаган Тоолуу Карабах Азербайжандын бир бөлүгү. Андыктан, чөлкөмдө согуш чыгып, ага Армениянын аскерлери тартылса, эл аралык мыйзам боюнча, алар Азербайжандын жерине басып кирген саналат.

Армениянын улуттук коопсуздук боюнча мурдакы кеңешчиси Жерард Либаридян болсо, келишимде Россия Арменияга эч кандай жардам сунуш кылбасын айтат:

-1995-жылкы келишимдин шарты боюнча Армениянын чек арасында кандайдыр аскерий кыянаттык болсо, Россия автоматтык түрдө жардамга келбейт. Бул жобо жаңы келишимде да калды деп ишенем. Ошондуктан, келишимдеги бир жакка кол салынса, экинчи тарап менен консультация жүргүзүлөт. Экинчи жак согушка катышабы же жокпу, өзү чечүүгө тийиш. Бул шарт өзгөртүлөт деп ойлобойм.

Россиялык серепчи Павел Фелгенгауердин айтымында, береги келишим Арменияны Азербайжандан коргоо жөнүндө эмес, эң алды Түркиянын кырдаалга кийгилишүүсүнө жол бербөө тууралуу.

Гейдар Алиевдин кеңешчиси келишим тууралуу эмне деди?

Азырынча Азербайжан жетекчилиги Россия-Армения ортосунда кол коюлганы жаткан жаңы келишимге карата өз пикирин жасай элек. Эмне үчүн? Бул суроого Азербайжандын мурдакы президенти Гейдар Алиевдин масиээтчиси Вафа Гулузадеге мындай пикирин айтты:

-Билесизби, Азербайжанда Армения күнкорсуз эмес экенин жакшы билишет. Армениянын куралдуу күчтөрү Россия армиясынын бир бөлүгү экени талашсыз чындык. Ошон үчүн Россия Арменияга жамынып, Азербайжандын территориясынын 20 процентин басып алды жана азыр региондо же согуш, же тынчтык абалында эмес кырдаалды сактоодо. Бул Азербайжандын Европа Биримдигине жана НАТОго интеграциялануусуна бөгөт болууда. Армения да Россиянын туткуну. Ушундан улам Россия өзү менен өзү келишим түздү деп эсептейм. Ошентип, Москва кең аймакта өз күчтөрүн дагы чейрек кылым кармайм деп, бүткүл дүйнөгө жар салды. Жаңы келишим боюнча, Россия Армениянын чек арасына S-300 ракета системасын жайгаштырат. Бул жана башка куралдын баары Россиянын негизги атаандаштары НАТОго жана АКШга каршы багытталган. Россияда ушинтип ойлошот. Азербайжан тарап Россиянын Арменияны куралдандыруусуна байланыштуу бир нече ирет катуу нааразылык билдирген. Россиянын Мамдумасынын мүчөсү, генерал Рохлин Москванын Арменияга 1 миллиард долларга курал сатканын 1990-жылдары ашкере кылган. Генерал кийин түшүнүксүз жана шектүү жагдайда каза тапкан. Ошондон кийин Россия Армения менен келишим түзгөн. Ал келишимде эки өлкө арасындагы аскерий союз жөнүндө жобо бар. Анда ар кандай аскерий кырдаалдар учурундагы Россиянын Армениянын тарабында аракеттенет деп жазылган. Россиянын империячыл саясат жүргүзгөнү маалым. Москва Түштүк Кавказга Батыштык компаниялардын келүүсүн жана инвестиция салганын каалабайт. Региондо Батыштын таасири өскөнүнө нааразы. Батышты Түштүк Кавказдан сүрүп чыгуунун айласын таппай жүрөт. Армения бүгүн Россиянын Түштүк Кавказдагы плацдармы, чеби. Мамдуманын азыркы төрагасы Грызлов: “Армения Россиянын форпосту”,- деп ачык эле айтпадыбы. Анүчүн Армения-Россия ортосундагы жаңы келишимде Азербайжан жетекчилиги кантип баалабасын, -маанисиз. Себеби, Россия ага такыр этибар бербейт. Учурунда Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле маркум президент Гейдар Алиевдин Москванын Арменияны мыйзамсыз куралдандыруусу боюнча жасаган билдирүүлөрүнө Россия эч кандай реакция жасаган эмес. Россия өз учурунда Тоолуу Карабах чатагы боюнча Минск группасынын тең төрагасы жана КМШнын төрагасы катары согуштук абалда турган шериктештиктин эки өлкөсүнүн бирин-Арменияны Азербайжанга каршы куралдандырган. Россия мурда ядролук супердержава болсо, бүгүн региондук деңгээлдеги ядролук держава жана биздин региондо баарынан күчтүү. Сөз ушундай.

- Вафа мырза. Россия-Армения арасында 2044-жылга чейинки коргонуу келишиминин түзүлүшү Тоолуу Карабах маселеси дагы узак жылдарга жөндөлбөйт дегенди түшүндүрөбү?

В. Гулузаде: Империя бир күнү кыйрай турганын мен ар убак айтып жүрөм. СССР кыйрап бүлүндү. Анын орудна күнкорсуз өлкөлөр пайда болду. Россия Федерациясы да кыйрап, анын ордуна жаңы төбөлсүз мамлекеттер пайда болот. Ошондон кийин Россиянын империялык саясаты токтойт да Москва өзү ширеңке жагып, бирок өчүрүлбөгөн же токтотулбаган чатактардын эч кимге кереги жок болуп калат. Россия Абхазияны жана Түштүк Осетияны басып алды. Днестр боюн жана Карабахты чатактын очогуна айлантты.

XS
SM
MD
LG