Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Америка саммити аяктады


Тринидад-Тобаго - Барак Обама менен Уго Чавес саммит маалында.
Тринидад-Тобаго - Барак Обама менен Уго Чавес саммит маалында.

Тринидад-Тобагодо Америка саммити жекшембиде аяктады. Ага континенттин түштүгү менен түндүгүндөгү 34 өлкөнүн лидерлери катышты. Алардын баары президент Барак Обаманын региондогу өлкөлөр менен АКШнын мамилелерин жакшыртуу аракеттерине жогору баа беришти.

Саммиттеги сөзүндө Барак Обама Кошмо Штаттары Латын Америкасы менен Кариб деңизинин алабындагы өлкөлөргө тең укуктуу өнөктөштөр катары карай турганын айтып, ошол эле учурда аларды өз проблемалары үчүн АКШны айыптай бербегиле деп билдирди.

Мындан тышкары Обама АКШнын Кубага байланышкан саясаты оңунан чыкпаганын ырастап, Гавана менен тикелей сүйлөшүүлөргө даяр экенине ишендирди.

"Акыркы эки жыл ичинде айтып келатам, бүгүн да кайталап койгум келет: мен өз администрацияма Куба өкмөтү менен маң заттарынан тартып миграция, экономика, адам укуктары, сөз эркиндиги, демократиялык реформаларга чейинки кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулаганга даярданууга көрсөтмө бердим. Мен муну тек гана сыпайы сөз үчүн айтып жатканым жок. Эки тараптын мамилелеринде биз жаңы багытта илгерилей аларыбызга ишенем", - деп айтты Обама.

Обаманын бул сөзү жыйынга катышкан көпчүлүк лидерлердин купулуна толду жана толук кубаттоого алынды.

Ак үйдүн өкүлдөрү да саммитин жыйынтыктарын позитивдүү мааниде баалашты. "Биз жыйындан энергетика, финансы, климат, коопсуздук жана демократияны жайылтуу маселелери боюнча бекем милдеттенмелерди угуп кайтып баратабыз", - деп айтты Ак үйдүн кеңешчиси Денис Макдоно.

АКШнын көптөн берки сынчысы,Венесуэланын президенти Уго Чавес да Обаманы кызуу куттуктады.

Обаманы ал "мурдагы президентке салыштырганда акылдуу киши" деп атады.

Чавес уругвай жазуучусу Эдуардо Галеанонун "Латын Америкасынын кан тамыры кыркылганда" деп аталган китебин Обамага белек кылып берди. Андан кийин эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин толук кемелинде кайра калыбына келтирүүнү сунуш кылды.

Былтыр сентябрда Вашингтон менен Каракас өз элчилерин чакыртып алышкан эле.

Эки тарап жакынкы аралыкта бул планды ишке ашырууга киришерин АКШ Мамлекеттик департаменти ырастады.

Ошентсе да жыйында корутунду документке кол коюлган жок. Тринидад-Тобагонун премьер-министри Патрик Меннинг декларация саммитте жалпы колдоо таппаганын айтып, бирок анын себеп-жөнүн тактаган жок.

XS
SM
MD
LG