Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Карзай кантиш керек? Эки дипломаттын кеңеши


Президент Карзай быйылкы шайлоодо чоң чекилик кетирди - Залмай Халилзад
Президент Карзай быйылкы шайлоодо чоң чекилик кетирди - Залмай Халилзад

"Азаттыктын" кабарчылары мурда Ооганстанда иштеп кетишкен эки дипломатты сөзгө тартышып, бул өлкөдөгү азыркы абалдан чыгуунун жолдоруна байланыштуу алардын ой-пикирлерин угушту.

Биздин кабарчылардын суроолоруна АКШнын Ооганстандагы мурдагы элчиси Залмай Халилзад жана учурунда Улуттар Уюмунун, андан соң Евросоюздун бул өлкөдөгү атайын өкүлү болуп иштеген испаниялык дипломат Френчес Вендрелл жооп беришти.

Халилзад быйылкы шайлоону кантсе да Хамид Карзай утуп алса,ага эң эле жөнөкөй кеңеш бергиси келет.

"Ал баарыдан мурда Ооганстандагы жагдайга байланыштуу эл аралык коомчулуктун кооптонууларына чындап көңүл бурушу керек, - дейт ал. – Маселен, коррупция, башкаруу иштери, мыйзамдардын сакталышы, экономикалык пландар жана башка маселерде камтама кылган көп сөздөр айтылууда. Ушу жагынан олуттуу чаралар көрүлүшү керек".

Карзай соңку кездерде америкалыктардын жөн-жүйөөлүү көп кеңештерин таңазар албай, АКШ менен мамилесин бир топ бузуп алды. Быйылкы шайлоону будамайга салды. Буга карабастан Халилзад эл аралык коомчулук бул өлкөдөгү иштерди илгерилетүүнүн жаңы пландарын сунуш кыларына ишенет.

"Эл аралык коомчулук ооган жеринде жарытылуу жылыштарды көрбөй жатат, анын азыркы бийликке ичи чыкпай турганы ушундан улам",- дейт Халилзад. Андыктан жаңы өкмөт өзү, анын кадамдары кандай болот – ички өнүгүү процесси, түбү келип өлкөгө тыштан ар тараптуу жардамдарды тартуу, жалпы эле Ооганстан боюнча эл аралык саясаттын аныкталышы ушуларга жараша чечилет.

Халилзад эл аралык коалиция башынан эле Ооганстандагы козголоңчуларга басым жасап, ал эми коңшулаш Пакистандагы экстремисттердин уюктарын унутта калтырып, чекилик кылганын да моюнга алды.

Бул пикирлерге Франчес Вендрелл жалпысынан кошулду. Ооганстанда кырдаал оңолбой, кайра кыйчалыш тартып кеткени үчүн Карзайдын чоң күнөөсү бар экенин ал талашсыз деп эсептейт. Бирок эл аралык коалициянын калпыстыгы да аз болгон жок. Алардын башкысы деп испан дипломаты "мурдагы корбашыларды,можахеддерди бийликке тартып, алар менен алака түзүүнү" атады. Азыр ошолордун өмгөгү чыгып жатат.

Мындан тышкары ооган өкмөтү күч колдонуу монополиясына ээ болгон жок. "Бүткүл кампаниянын эң түйүндүү кемчилиги, менимче, ушунда болду",-дейт Вендрелл.

Быйылкы шайлоодон улам түзүлгөн кризистен чыгуунун жолун Вендрелл жаңы өкмөттүн легитимдүүлүгүнөн көрөт. Эгер Карзайды эл аралык коомчулук мыйзамдуу шайланган, жалпы элдин эркин билдирген бийлик башчысы катары кабыл албаса,анда ар түрдүү эл аралык кеңешмелер менен келишимдерде президент,ооган өкмөтү өзүнө алган милдеттенмелерди аткарарына да ишеним азаят.

Деген менен Вендрелл ооган өлкөсүнүн келечегине үмүттөнөт. Улуттук институттар, өзгөчө жарандык уюмдар күчтөнсө, сот системасы менен мамлекеттик кызмат чөйрөсү, полиция жана армия чыңдалса Ооганстан стабилдүү өлкөгө айлана алат.

"Эл аралык коалиция айласыз коолоп-чайлап кеткен коррупцияга каршы чараларды көрүп, коопсуздукту чыңдоо иштерин улантууга тийиш. Ошол эле учурда,генерал Стэнли Маккристал (коалициялык күчтөрдүн колбашчысы – Ред.) айткандай, батыш аскер контингентин калк оккупациялык күчтөрдөй эмес, жалпы элдин коопсуздугунун тиреги катары кабыл алгыдай иш кылуу керек", - дейт Вендрелл.

XS
SM
MD
LG