Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Жагдай БУУну Ооганстандагы кызматкерлерин азайтууга мажбурлады


Талиптердин Кабылдагы чабуулунан Улуттар Уюмунун сегиз кызматкери өлгөнгө байланыштуу БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесиндеги желек ылдый түшүрлдү. 29-октябрь 2009
Талиптердин Кабылдагы чабуулунан Улуттар Уюмунун сегиз кызматкери өлгөнгө байланыштуу БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесиндеги желек ылдый түшүрлдү. 29-октябрь 2009

Улуттар Уюму Ооганстандагы четэлдик кызматкерлеринин теңинен көбүн же алты жүз чамалуусун убактылуу алып чыгып кетмек болду.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын чабарманы Кай Ейде бейшемби күнкү билдирүүсүндө кеп коопсуздук жагдайына байланыштуу эларалык уюмдун “көп маанилүү эмес” кызматкерлерин өлкөдөн убактылуу чыгарып кетүү жөнүндө гана жүрүп

БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү Кай Ейде Кабылдагы маалымат жыйынында. 5-ноябрь 2009

жатканын баса белгиледи:

-Биз биротоло чыгарып кетүү же шашылыш көчүрүү жөнүндө сөз кылып жатканыбыз жок.

Улуттар Уюму мындай чарага 28-октябрда уюмдун Кабылдагы Конок үйүнө талиптер жасаган чабуулдан улам аргасыз барды. Чабуулда уюмдун чет өлкөлүк беш жана жергиликтүү үч кызматкери окко учкан.

БУУ 2003-жылдын августунда Багдаддагы кеңсесине жасалган бомба чабуулунда 22 кызматкерин, анын ичинде уюмдун Ирактагы миссиясынын башчысы Сержио Вьера де Меллону жоготкон. Ошондон кийин Ирактагы ишмердүүлүгүн токтоткон.

Улуттар Уюмуна 600дөй кызматкерин Ооганстан ичиндеги коопсуз жайларга көчүрүү, ошондой эле сырт өлкөлөргө чыгаруу үчүн бир нече жума керек болот деп болжолдонууда. Бардыгы Ооганстанда БУУнун чет элдик 1300 кызматкери бар.

Ооганстан. БУУнун кызматкерлери Гераттагы кеңсесинин оозунда турушат. 5-ноябрь 2009

Алардан башка да Ооганстанда 4300 ооган кызматкерибиз бар, дейт БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын Кабылдагы өкүлү Алим Сыддыки:

–Биздин эсебибизде, Ооганстандагы кызматкерлерибиздин 12 проценттейи убактылуу башка жактарга көчүрүлөт. Азыр алардын кээ бирлери Кабылдын ичинде бөлөк жерге жылдырылышы этимал.

Сыдыки бирок Улуттар Уюму Ооган жериндеги иштерин токтотпойт деди:

- Биз бардык программаларыбызды жана ишмердүүлүгүбүздү токтотпойбуз. Албетте, өткөн аптадагы окуялардан улам биз кызматкерлерибиздин береги программалар менен иштерди улантуусун камсыздоодобуз жана алардын коопсуздугун коргообуз керек болду.

Атайын чабарман Кай Ейде Улуттар Уюму Ооганстандагы кырдаалды күчкө таянган лашкер башчылар жана таасирлүү инсандар эмес, ырасмий бийлик аныктап, өлкөдө мыйзамдуулук өкүм сүрүүсүн каалаганына да токтолду:

- Биз лашкер башчылар менен таасирлүү фигуралар өз оюнун жүргүзгөн кырдаалда иштей албай калдык. Биз өлкөдөгү саясый жагдай маанилүү саясый реформа менен бир багытта өзгөргөнүн каалайбыз.

БУУнун чабарманы Кей Ейде президенттик шайлоодогу добуштарды бурмалоолор, ооган полициясынын катарындагы жемсөөлүк жана тартип бузууларга байланыштуу Ооган коомчулугу менен эл аралык уюм арасындагы мамилеге тескери таасир этти деп санайт.

Бир нече күн мурда Гелманд провинциясында Ооган полициясын машыктырган беш британ аскерди жергиликтүү полициячы атып өлтүргөндөн кийин Британ өкмөтү ооган полициясынын катарындагы талиптерди иликтеп табууну Кабылдан талап кылган. Жергиликтүү карыялар британ аскерлерди аткан Гүлбиддин деген жигит талиптердин адамы экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG