Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Анаркали Хонарьяр - ооган аялдары үчүн эркиндиктин символу


“Эркин Ооганстан” радиосу быйылкы жылдын инсаны катары 25 жаштагы укук коргоочу, кесиби боюнча догдур Анаркали Хонарьярды атады. Эркектер бардык жерде үстөмдүк кылып, аялдар көбүнэсе үн катпаган Ооганстанда жаш келиндин укук коргоочу катары таанылып, калың эл арасынан суурулуп чыгышына кандай шарттар өбөлгө болду?

Анаркали Хонарьяр секелек кыз кезинде чоңойгондо учкуч болуп иштеп, дүйнөнүн ар тарабын кыдырсам деп кыялданчу экен. Ооганстандын Баглан провинциясында чоңойгон кыз бирок, ал кыялын ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес экенин бат эле баамдап билген. 1990-жылдар Анаркалинин мектепке барчу мезгилине туш келип, Ооганстанды улам бир уруштун оту каптап, Баглан чөлкөмүндө аскербашчылардын бийлиги өкүм сүрүп турду. Бирок Анаркалинин багына кыздардын окуп билим алуусуна тыюу салган талиптер Баглан провинциясын баш ийдире албады.

Анткен менен, айрым эркиндиктерден пайдаланып, орто билим алып, андан кийин тиш догдурдун окуусун бүтүргөн жаш кыз андан башка толгон-токой кыйынчылыктарга туш болбой койгон жок. Бир жагынан Багландыктар кайсыл күнү талиптер басып алат деп коркуп, кыздарын көчөгө жалгыздап чыгарбай, бети-башын жаптырып, күчтөп болсо да эртерээк күйөөгө бергенге ашыкса, Анаркалинин үй бүлөсү мусулман эмес, Индиядан баш алган сикхтер динин тутунганы кошумча кооптонуу жаратты. Коркуп-үркүп жашагандан тажаган кыз Кабулдагы университетти аяктаар замат Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясына ишке кирет.

- Биздин аялдар эмне гана кыйынчылыкка туш болбойт, мисалы, үйдөгү зордук-зомбулукту алалы. Бизге арызданып келгендердин көбү күйөөсү уруп-сабап кордук көргөндөр. Экинчи бир көрүнүш – кыздарды күчтөп күйөөгө берүү. Ооган элинин салты боюнча кыз берип, келин алуу - өтө ысыраптуу иш-чара болгондуктан, эки үй-бүлө өз ара сүйлөшүп алып, мен сага кызымды берем, анын ордуна сенин кызыңды келин кылып алам деп балдарын соодалашат, - дейт ал капалана түшкөнүнөн көздөрүн жашылданта.

4-5 жылдан бери Анаркали кесиптештери менен Ооганстандын ар башка аймактарын кыдырып, кыз-келиндерге алардын укуктарын түшүндүрүп, аң-сезимин жогорулатуу аракетинде.

- Маселен, бир аялды 10 жыл мурун үйүндөгүлөр зордоп күйөөгө берген, азыр анын 2-3 баласы бар дейли, эми күйөөсү уруп-сабап күн көргөзбөйт. Андай учурларда биз ажырашканда балдар баарынан көп жапа чегээрин эске алып, жубайлардын экөөнү отургузуп алып сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Ооганстандын мыйзамдары боюнча, эрди-катын экөө бирдей ажырашуу укугуна ээ. Эгерде күйөөсү эпке келбей, кол көтөргөнүн токтотпосо, анда аялына сотко кайрылып, ажырашуу жагынан жардам беребиз.

Аялдардын укуктарынан башка Анаркали өзү диний азчылыктын өкүлү болгондуктан, диний эркиндиктерди коргоого да салым кошкусу келет. Талиптердин тушунда Ооганстанда сунни мусулмандардан башканын баары мыйзамсыз деп саналып, катаал жазаланчу. Анаркали адам укуктары тууралуу телепрограммаларга такай катышкандыктан, көчөдө аны эл таанып, ар кандай маселелер боюнча арызданып да калчу болду. Азыр бул жаш кыздын ысымы миңдеген ооган жарандары, айрыкча аялдар үчүн эркиндиктин, адилеттүүлүктүн символуна айланып калды.

“Эркин Ооганстан” радиосу түзгөн атайын калыстар тобу 30дан ашуун журналист, укук коргоочу жана башка коомдук ишмерлерден турат. Дал ушул комитет Анаркали Хонарьярды жылдын инсаны деп атады. Анаркали Ооганстандык аялдар чыныгы эркиндикке жетишкенче дагы далай жылдар бар, “мен өзүм учкуч болуу тууралуу кыялымды унутуп баратсам да, балким менин кызым, же неберем асманды багындыраар” деп тилек кылаарын айтат.

Тасмада: Оогандык айымдар эскичил мыйзамды айыптайт

15-апрелде Кабулда жүздөгөн шийи айымдар көчөгө чыгып, күйөөсү жубайын зордогонго уруксат берген мыйзамга нааразылык билдиришти. Эскичилдер колдогон аялдардын башка бир тобу, тескерисинче, бул талаш-тартыштуу мыйзамды жактап чыкты.

Оогандык айымдар эскичил мыйзамды айыптайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG