Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Рейтер: Казакстан менен байланышы бар хакерлер орусиялык мунай ишканасын бутага алган

"Орскнефтеоргсинтез" мунай иштетүүчү заводу. Оренбург
"Орскнефтеоргсинтез" мунай иштетүүчү заводу. Оренбург

Рейтер агенттиги киберкоопсуздук боюнча адистерге шилтеме менен кабарлагандай, Казакстан менен байланышы болушу мүмкүн делген Silent Lynx хакердик тобу быйыл Орусиядагы "Орскнефтеоргсинтез" мунай иштетүүчү заводду жана Нижний Новгород шаарынын администрациясынын маалыматтык системасын бутага алган.

Адистердин айтымында, топ негизинен фишинг ыкмасын колдонуп, Борбор Азиядагы мамлекеттик мекемелерге каршы да чабуулдарды жасаган.

Алар маанилүү документ сыяктуу көрүнгөн тиркемелер камтылган электрондук каттарды жөнөтүп, аны кимдир бирөө ачкан учурда компьютерге зыяндуу программаларды орнотушат.

Эксперттер хакерлердин Казакстан менен байланышын бир нече фактор менен түшүндүрүшөт. Алардын айтымында, зыяндуу программалар Казакстандын аймагынан сыноодон өткөрүлгөнү байкалган, активдүүлүк өлкөдөгү жумуш убактысына туура келген жана айрым операциялар Казакстандын стратегиялык кызыкчылыктары менен шайкеш келген.

Мисалы Астана Дүйшөмбү менен келишимди ратификациялаган учурда хакерлер Тажикстандын мамлекеттик органдарынын бирин бутага алышкан. Ушундай эле көрүнүш Беларустун мамлекеттик мекемелеринин бирине каршы чабуулда да байкалган. Ал окуя Беларус менен Казакстандын дипломаттарынын жолугушуусунун алдында катталган.

Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус бийликтери маалымат боюнча комментарий бере элек. Журналисттер хакерлер жана мунай заводунун же Нижний Новгород администрациясы менен байланышуу мүмкүн болбогонун жазышты.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG