2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген саясатчы Сыймык Жапыкеев да мамлекеттик тил боюнча сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика боюнча, окуудан жана сүйлөөдөн жетиштүү упай топтоп, жазуудан 5 балл жетпей калганын билдирди. Сыймык Жапыкеев мектепте, жогорку окуу жайда кыргыз тилинде окуганын, прокурор болуп иштеп турганда иштин дээрлик бардыгын кыргыз тилинде эле тергегенин кошумчалады.
“Негизи кыргыз тилинде эркин сүйлөй алабы деген эле талап коюлса жакшы болмок экен. Сынакта болсо филологдой эле сүйлөшүң керек экен. Биз баарыбыз эле баянчы, адабиятчы эмеспиз да. Бул талап эми адам укугун бузуу да. Азыр эч нерсе боло элек жатып биринчи баскычтан өтпөй калдык. Президент “шайлоого барам дегендер желек колуңарда” деп атпады беле”, - деди ал.
Шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, “ортодон жогору” же B2 деңгээлине жетпей калган.
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.
Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.
Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (BTo)
Шерине