Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга 2027-жылдын 15-майына чейин чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Мындай чечим кышында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Аталган мекеме жолго чыккан айдоочуларды эрежелерди так сактоого, аба ырайына көнүл буруп сапарларды алдын ала пландоого чакырды.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы суук болорун эскерткен. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, 17-18-октябрь күндөрү Чүй, Талас (Айтматов району) жана Ысык-Көлдө (Түптө) үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз жана түнү 0...-2 суук болот.
Жашылча-жемиштерди, казылган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасын үшүктөн сактоо сунушу берилди. (КЕ)
Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга майга чейин тыюу салынды
Дагы караңыз
Шерине