Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Кыргызстандан өтүп Казакстанда баңгизат менен кармалган Navai'нин окуясы териштирилүүдө

Navai деген ат менен белгилүү орусиялык рэпер Наваи Бакиров.
Navai деген ат менен белгилүү орусиялык рэпер Наваи Бакиров.

Navai деген ат менен белгилүү орусиялык рэпер Наваи Бакировдун Кыргызстандын чек арасынан өтүп, Казакстанда баңгизат менен кармалышын Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы иликтеп жатат.

Мекеменин “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүүнүн бардык жагдайларын аныктоо максатында кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган учурда күнөөлүү кызмат адамдарына карата Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Navai Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жатканда кармалган. Бул тууралуу Казакстандын Жамбыл облусунун полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ырчы 13-октябрда “Кордай” чек ара өткөрмө бекетинде кармалган. Ал бараткан автоунааны тинтүү учурунда баңгизаты табылып, өзү убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Navai 12-октябрда Бишкектеги “Жаштык аренада” концерт берген. Уюштуруучулар 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган концерт “техникалык себептерден” улам токтотулганын кабарлашкан. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG