Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Өзгөчө балдардын укугунун сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 15-октябрдагы отурумунда аутизм, даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Ага депутаттар Медер Чотонов, Мавлюда Калбердиева, Токтобүбү Ашимбаева, Гүлнара Акимбаева, Советбек Рустамбек уулу, Улукбек Карыбек уулу, Айгүл Ахмедова, Жылдыз Садырбаева, Жылдыз Эгенбердиева, Бурул Аманова, Дастан Бекешев жана Махабат Мавлянова кирди.

Ушул жылдын июнь айында саламаттык сактоо министринин ошол кездеги орун басары Бакытбек Кадыралиев акыркы жылдары Кыргызстанда аутизмден жабыркаган балдар көбөйүп жатканын, аутизм менен жабыркаган 380 бала каттоодо турарын айткан.

Аутизм – адамдын жүрүм-турум, башкалар менен мамиле куруудагы өзгөчө абалы. Аутизми бар адамдар дүйнөнү башкача кабылдайт. Алар башка адамдар менен мамиле түзүүдө, оюн айтууда кадимки кишилердей боло албайт. Ошондой эле кызыккан нерселери да чектелүү болот.

Кыргызстанда аутист балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок. Жалпы билим берүүчү мектепке албайт. Ата-энелер түзгөн саналуу фонддор, коомдук бирикмелер аутист балдарды окутуу, кулк-мүнөз терапиясын ишке ашырып келет. Бирок мындай борборлор өтө аз. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG