Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Болгарияда Starlink антеннасынын 11и өрттөлдү

Болгарияда белгисиз эки адам 17 Starlink спутниктик байланыш антеннасынын 11ин өрттөп жиберди. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук телерадиокомпаниясы (BNT) парламент депутаты Ивайло Мирчевге таянып кабарлады.

"Дал ушул антенналардын бутага алынышы кокустук эмес, анткени алар спутниктер үчүн негизги байланыш түйүнүн камсыздайт. Сентябрь айынын аягында Польшада Starlink антенналарына байланыштуу ушундай эле окуя катталган", - деди ал.

Өрт катталганын 14-октябрда өлкөнүн премьер-министри Румен Радев дагы ырастады. Ал тергөө иштерине байланышуту окуянын чоо-жайын айта албай турганын билдирди. Болгариянын Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы Пламен Тончев атайылап өрттөө аракети болгонун четке каккан жок жана бул дагы кайталанышы ыктымалдыгын белгиледи.

Ички иштер министрлиги ушул сыяктуу объектилерди кайтарууну күчөтүүдө.

Ошол эле учурда ал өрт чыккан станция жеке менчик болгонун, мамлекет тарабынан көрүлгөн коопсуздук чаралары кошумча мүнөзгө ээ экенин, ал эми коопсуздук үчүн негизги жоопкерчилик ээлерине жүктөлөрүн белгиледи.

Бул акыркы жумаларда Европада Starlink объектилерине багытталган өрт коюу фактыларынын алгачкы учуру эмес. Мындай окуялардын бири сентябрдын аягында Польшада катталган. Кийинчерээк Польшанын бийлик өкүлдөрү "диверсиянын артында Орусиянын атайын кызматтары турганына эч кандай шек жок" деп билдиришкен. 12-октябрда Германияда Польшадагы окуяга тиешеси бар деп шектелген эки түрк жараны кармалган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG