Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:58

Түркияда бийлик дагы бир оппозициялык телеканалды көзөмөлүнө алды

Түркиянын полициячылары Стамбулда Halk TV телеканалынын имаратынын алдында турушат. 14-октябрь, 2026-жыл
Түркиянын полициячылары Стамбулда Halk TV телеканалынын имаратынын алдында турушат. 14-октябрь, 2026-жыл

Түркияда полиция оппозициялык Halk TV телеканалынын редакциясында тинтүү жүргүздү. Каналдын түз эфирдеги берүүсү токтотулуп, ал сырттан башкарыла баштады.

Halk TV билдиргендей, шаршемби күнү эртең менен телеканалдын имаратына терроризмге каршы күрөшүү, уюшкан кылмыштуулук жана экономикалык кылмыштар боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлери кирген. Журналисттердин кеңсеге киришине уруксат берилген эмес.

Маалыматка ылайык, Halk TV телеканалынын убактылуу башкаруучусу болуп Түркиянын Сактык салымдарын камсыздандыруу фонду дайындалды. Мындан ары каналдын эфирдик ишмердигин толугу менен ушул фонд көзөмөлдөйт.

Стамбул прокуратурасы тинтүү телеканалдын директорлор кеңешинин төрагасы Жафер Махироглуна байланыштуу тергөө ишинин алкагында жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал тендерлерди өткөрүүдө мыйзамсыз бүтүмдөргө барууга, паракорлукка жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелүүдө. Прокуратуранын маалыматына ылайык, 17 адамды кармоого уруксат берилип, алардын 11и 14-октябрда кармалган.

Махироглу телеканалга тышкы башкаруу киргизилгенин айыптап, муну саясий чечим деп атады. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, аларды "негизсиз" деп мүнөздөдү. Махироглу өзү чет өлкөдө жашайт. Анын айтымында, Түркияда анын жети тууганы кармалган.

2025-жылдын октябрында Түркиянын бийлиги дагы бир оппозициялык Tele1 телеканалын убактылуу тышкы башкарууга өткөргөн. Бул иш башкы редактор Мердан Янардаг тыңчылык боюнча айып менен камакка алынгандан кийин болгон. Ал телеканалдын көзөмөлдөө милдети Түркиянын Сактык салымдарын камсыздандыруу фондуна өткөн.

Түрк бийлигинин телеканалдарды көзөмөлгө алуусу журналисттердин кесиптик бирикмелеринин, оппозициялык саясатчылардын жана жарандык коом уюмдарынын сынына кабылды. Алар мындай аракеттерди көз карандысыз журналистикага басымды күчөтүү аракети катары баалап жатат.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG