Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга мамлекеттик кризистик борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 14-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Аялдар үчүн кризистик жана реабилитация борбордун курулушун кийинки жылы баштайлы деп турабыз. Ал мамлекеттик болуп толук шарт түзүлөт. Анткени ал жакка баласы менен, жалгыз келгендер да болот”, - деди ал.
Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен балдарды кабыл алган саналуу гана менчик кризистик борборлор иштейт.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.
2026-жылдын сегиз айында (январь айынан август чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 18 миң 862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы сегиз айына салыштырганда 32,1% же 4585 фактыга көп. (BTo)
Шерине