Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

Кыргызстанда балдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгекке жарамдуулукту аныктоочу эксперттик комиссиянын (МСЭК) ишин реформалоонун алкагында айрым категориялар үчүн майыптыкты аныктоо жана кайра күбөлөндүрүү тартиби өзгөрдү.

Эми жарандар медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан, онлайн форматта өтө алышат. Эмгек министрлигинин Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын белгилешинче, Даун синдрому бар балдарга алгачкы медициналык-социалдык экспертизанын жүрүшүндө кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү белгиленбестен, 18 жашка толгонго чейин майыптык категориясын белгилөө каралган.

Аутизм спектринин бузулушунун оор даражасы бар балдарга дагы ушундай эле тиртип иштейт. Ал эми жеңил даража үчүн майыптыкты аныктоо мөөнөтү беш жыл деп белгиленген.

18 жашка чейинки, ВИЧ/СПИД боюнча клиникалык диагнозу бар жана инфекцияны ятрогендик жол (медицина кызматкерлеринин айынан жуктуруп алган) менен жуктуруп алганы тастыкталган балдарга 18 жашка толгондо медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүлүп, кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн, "бала кезинен бери" деген негизде II топтогу майыптыкты белгилөө каралган.

Мындан тышкары, абак жайларда төрөлгөн, тубаса өнүгүү кемтиктери, тукум куума оорулары же башка патологиялары бар балдарды МСЭКте күбөлөндүрүүнүн тартиби да киргизилди.

Буга чейин майыптыгы бар балдардын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, ата-энелер Эмгекке жарамдуулукту аныктоочу эксперттик комиссиядан (МСЭК) өтүүнүн татаалдыгына нааразылыгын билдиришкен. Аталган комиссия менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы онлайн байланыш, онлайн каттоо жараяндары иштебей жатканына даттанышкан.

Отурумда айтылган маалыматка караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт. Алардын 36 миңден ашууну балдар. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG