Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

МИК аркылуу өлкөдө жалпы 9371 батир пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн биринде. "Мурас" комплекси, Бишкек. 12-январь, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн биринде. "Мурас" комплекси, Бишкек. 12-январь, 2026-жыл.

14-октябрда Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган “Мурас” турак жай комплексинен 1104 батир пайдаланууга берилди.

Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров бул даректе ушуну менен 3170 батир өз ээлерине тапшырылганын, эми 2027-жылдын июнь айында дагы 1584ү берилерин айтты. Ошону менен жарандар “Мурас” турак жай комплексиндеги 39 блоктон 4754 батирди ипотекага алган болот. Садыр Жапаров ушул күнгө чейин өлкө боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилгенин кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстанда жалпы 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жүргүзүүдө.

14-октябрда Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда да 105 батирлүү турак жай пайдаланууга берилди. Президенттин буга чейин айткан сөзү боюнча, Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө үйгө муктаж. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG