Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

Мунай ташуучулар субсидия алуу үчүн 1 млрд 407 млн сомго арыз берди

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстанга чет жактан күйүүчү-майлоочу май ташыган компаниялар мамлекеттен субсидия алуу үчүн май-июль айларында 1 млрд 407 млн сомго арыз берди.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы жыйынында билдирди. Бирок анын канча суммасы кайтарылганын тактаган жок.

Ал 2026-жылдын май айынан тартып бензин, солярка жана автогаздын баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 87,90 сом, дизелдин баасы 99,90 сом деп белгиленгенин кошумчалады.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.

Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, автогаз жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG