Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

Ширин Айтматова Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди

Ширин Айтматова
Ширин Айтматова

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова мурдагы күйөөсү, оппозициячыл активист Сыргак Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди. Ал 13-октябрда "ЭрСыргак" Youtube каналында түз эфирге чыгып, Кенжебаев кытай агенттери менен биргеликте кармалганын белгиледи. Ошондой эле ага "чындык үчүн өмүрүн тобокелге салууга туура келгенин" айтты.

"Сыргак Кенжебаевдин камалышы тууралуу кабарларды айтып жатканыңызды көрүп жатам. Менин атымды бардык жерде белгилеп, бардык жерде менин сүрөтүмдүн жарыяланып жатышы мени реакция кылууга аргасыз кылды. Мен унчукпай деле койсом болмок, бирок мени аралаштырууну суранышса, мен ага катышам... Тилекке каршы, биздин өлкөдө чындыкты айтуу табу болуп калды", - деген ал.

Айтматова "Шумкар" деп аталган кыймылдын саясий багытын жеке өзү колдой турганын белгилеген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып келип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин 13-октябрда билдирген.

Министрликтин маалыматына караганда, ага каршы "жапырт башаламандыкка чакыруу" фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Андан тышкары бир адамдан (М.Н.) чогуу ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен "150 миң доллар алып, алдап кеткени аныкталганы" айтылды.

Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин “Юнилаб” деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.

2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны “Алдамчылык” беренеси менен айыптап, Алматынын аэропортунан кармаган. УКМК Сыргак Кенжебаев ал кезде “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкуу жараткан.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган.

Азырынча Сыргак Кенжебаевдин жакындары жана адвокаттары менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Сыргак Кенжебаев соңку айларда бийликти сындаган бир нече билдирүү жасаган эле. Ал президенттин жакындарынын атын атап, алар мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканын кошумчалаган. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде ага жооп берип, айтылгандарды четке каккан.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG