Украинанын Харьков облусундагы Лозова шаарында Орусиянын соккусунан киши өмүрү кыйылып, үч адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Чабуулдан турак жай жана темир жол объектилери зыян тарткан. Мекеменин маалыматына караганда, өрттүн бири эки кабаттуу үйдө чыгып, чатырдын 200 чарчы метр аянты күйгөн. Имараттын экинчи кабатындагы батирлер талкаланган.
Запорожье шаары да жапырт чабуулга кабылып, беш адам жараат алган. Шаарда тогуз кабаттуу эки турак жайга зыян келтирилип, соода борборлорунун биринин аймагында жана жогорку окуу жайынын корпусунда өрт чыккан.
Орусиялык аскерлер Кировоград облусундагы Кропивницкий районундагы инфраструктуралык объектилердин бирине да дрондор менен сокку урган. Натыйжада ишкананын кызматкери жараат алган.
Киев облусунун Буча районунда техникалык тейлөө станциясында өрт чыккан. Фастов районунда жыгач тилүүчү цехтин имараты күйгөн. Жабыркагандар болгон эмес.
Одесса облусунда азык-түлүк дүкөнүнөн таандык кампалар өрттөнгөн. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер куткаруучулардын ишине кайрадан абадан сокку урулушу мүмкүн деген коркунуч тоскоолдук кылганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киев облусундагы BDU Logistic логистикалык борборуна (Счастливое айылы) жана Бояркадагы газ бөлүштүрүүчү станцияга сокку урулганын билдирди. Ошондой эле Одесса портунда жүк ташуучу кеме, Измаил портунда порттук инфраструктура объектилери, ал эми Кара деңизде Одесса портуна багыт алган дагы бир жүк тарткан кеме бутага алынганы айтылды.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 21-сентябрга караган түнү Орусия Украинага каршы 172 сокку уруучу дрон, "Бандероль"/"Дань-Т" үлгүсүндөгү дрон-ракеталарды учурган. Алардын ичинен 148и атып түшүрүлгөн.
Шерине