Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:43

Чаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун (Д.Р.) өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм, (К.Н.Ш., М.И.Д., С.Н.И. жана А.Т.А.) 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 18-сентябрда болгон. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, каза болгон 15 жаштагы өспүрүм (Д.Р.) Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган.

Каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган төрт өспүрүм 11-класстын окуучулары.

17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болуп, 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылкы К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүүлөр 17-ноябрга чейин камалды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG