Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:54

Орусиянын соккусунан Киев облусунда үч бала, бир аял каза болду

Киев облусуна жасалган чабуулдун кесепети. 2026-жылдын 18-сентябры. Иллюстрациялык сүрөт.
Киев облусуна жасалган чабуулдун кесепети. 2026-жылдын 18-сентябры. Иллюстрациялык сүрөт.

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Орусиянын аскерлери Киевдин аймагына бир суткадан ашык убакыттан бери чабуул жасап жатканын кабарлады. Анын сөзүнө ылайык, кол салуудан каза болгондордун саны төрт адамга жетти.

“Тилекке каршы, кайгылуу жаңылык бар. Вышгород районунда душмандын чабуулунан жаракат алган бала ооруканада каза болду. Ошентип, Киев облусунда каза болгондордун саны төрткө жетти – үч бала жана бир аял”, - деди ал.

Андан тышкары облустун беш районунда 31 объект жабыркаган.

Буга чейин Киев облусунун башчысы Тимур Ткаченко Вышгород районунда Орусиянын соккуларынан эки адам жаракат алганын, алардын бири эне-бала экенин, алар жергиликтүү ооруканага жаткырылганын билдирген.

Тимур Ткаченко 19-сентябрдын кечинде Киев облусунун Фастов районунда орус аскерлеринин соккусунан эне эки баласы менен каза болгонун айткан.

“Душмандын чабуулунан эне эки кичинекей баласы менен - бир кыз жана бир эркек бала каза болду. Бул жоготуунун кайгысын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам”, - деген ал.

Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG