Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:54

Москвадагы мунай иштетүүчү ири завод дрон чабуулуна кабылды

Орус бийлиги борбор калаага дрон чабуулу болгонун билдирди (Архив сүрөт).
Орус бийлиги борбор калаага дрон чабуулу болгонун билдирди (Архив сүрөт).

20-сентябрга караган түнү Москвага массалык дрон чабуулу болгону кабарланды. Орусиялык ASTRA басылмасынын OSINT-талдоосуна ылайык, чабуулдун буталарынын арасында Капотня районундагы “Газпромнефть-Москва мунай иштетүүчү заводу” да болгон.

Окуянын күбөлөрү тарткан видеолордо заводдун аймагынан өрт чыкканын көрүүгө болот. Москванын мэри Сергей Собянин заводдун аймагындагы бир объект жабыркаганын ырастады. Ал кызматкерлердин арасында жаракат алгандар жок экенин, чабуулдун кесепетин жоюу үчүн мунай иштетүүчү заводдо ыкчам кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.

Сергей Собянин “Москвага жасалган ондогон дрон абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын” айтты.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв ал башкарган облуска жасалган аба чабуулунан кеминде эки адам каза болуп, алты киши жараат алганын билдирди.

Капотнядагы “Москва мунайды кайра иштетүүчү” заводу Орусиядагы эң ири мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бири. Ал Москвадагы күйүүчү майдын болжол менен 40% камсыздайт. Завод буга чейин да дрон чабуулуна кабылган. 2026-жылдын июнь айында болгон соккудан кийин ишканада өрт чыгып, айрым өндүрүштүк жабдуулар иштен чыккан.

Украина акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Украина 2022-жылы 22-февралда Орусия негизсиз согуш ачып, басып киргенден бери күн сайын чабуулга кабылып келатат. Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Киев орусиялык мунайды кайра иштетүүчү ишкана-заводдоруна, армиянын каржы булагы деп эсептелген логистикалык борборлорго дрондор менен сокку уруп жатат. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG