Орусиянын Мамлекеттик Думанынсынын депутаттарын шайлоого байланыштуу Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси иштеп жатат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматында Бишкектеги орус элчилигинде, Ош шаарындагы башкы консулдукта, Кант жана Каракол шаарларындагы аскер бөлүктөрүндө шайлоо участоктору ачылган.
18-сентябрда башталган Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо үч күн уланып, добуш берүү 20-сентябрда аяктайт.
Жаңы чакырылыштагы Мамдуманын 450 депутатынын 225и бир мандаттуу округдардан, дагы 225и партиялык тизме боюнча шайланат. Шайлоого он партия катышууда. Мурда шайлоого катышууга уруксат берилген “Яблоко” партиясы кийинчерээк формалдуу себептер менен партиялык жарыштан четтетилген, бирок анын айрым өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан талапкер болуп катышып жатат.
Бул жолку шайлоо Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарын да камтыйт. Ал жерлерде жана Украинадагы согушка катышкан аскер кызматкерлеринин арасында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү августтун аягынан 17-сентябрга чейин уюштурулган.
Байкоочулар оккупацияланган аймактардагы шайлоо канчалык ачык болгону тууралуу суроолор бар экенин белгилеп, анын жыйынтыгын көз карандысыз текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтууда. Оппозиция өкүлдөрү шайлоочуларды бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынан башка талапкерлерди колдоого чакырышты. (BTo)
Шерине