Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушту.
“Ынтымак ордо” билдиргендей Садыр Жапаров Кыргызстан ишкердик байланыштарды чыңдоого жана АКШдан келген инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Ошондой эле тоо-кен, туризм, билим берүү жана финансы жаатында кызматташуу, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көңүл бурду.
Сенаттын президенти Стюарт Адамс Юта экономикалык жактан эң өнүккөн штат жана тоо-кен тармагында чоң потенциалга ээ экенин айтты.
Садыр Жапаров АКШдагы иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарына барып, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат. Ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн лидерлери жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган. (BTo)
Шерине