Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган (Д.Р.) өспүрүм Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.
Маалыматка караганда, каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган төрт өспүрүм 11-класстын окуучулары.
17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болуп, 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылкы К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. (BTo)
Шерине