Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:43

Моди Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырды

Нарендра Моди жана Владимир Путин. Бишкек. 2026-жылдын 31-августу.
Нарендра Моди жана Владимир Путин. Бишкек. 2026-жылдын 31-августу.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 31-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Украинадагы согушту токтотууга чакырды.

Кремлдин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, ал маселелер тынч жол менен чечилиши керектигин айтты:

"Согуш жүрүп жаткан ар бир күнү адамзат бир кадам артка кетет, ал эми тынчтыкка карай жасалган бир кадам адамзатка чындап үмүт тартуулайт. Биз согушту улантуудан көрө андай аракеттерди токтотууга өтүшүбүз зарыл. Биз дал ушул багытта кетишибиз керек. Бул бардык адамзат үчүн маанилүү. Биз бардык маселелерди тынч жол менен чечишибиз зарыл. Муну жалпы адамзат талап кылат".

Путин Модиге: "Биз ошол жол менен бара жатабыз", - деп жооп берди.

Согушту токтотуу керектигин орус президентине жакында казак лидери Касым-Жомарт Токаев да айткан. 25-июлда ал Европа менен АКШдан көптөгөн белгилер келип жатканын, Украинадагы согуш мамлекеттер аралык жаңжал экенин жана аны жарандык согуш катары мүнөздөөгө болбой турганын белгилеген. Ал Путинге согушту аяктап, "жаңжалды токтотууга" убакыт жеткенин айткан.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына беш чылга чукулдап баратат. Түрдүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG