Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

“Ихсан” боюнча сот өкүмү чыккан отурум ТИМдин имаратында өттү

"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева.
"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева.

26-августта “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаевага жана кооперативдин кызматкери Эрмат Абылкасымовго чыккан сот өкүмү боюнча Жогорку сотко жазылган кассациялык арыз боюнча сот отуруму жабырлануучулар көп болгондуктан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имаратында өттү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 7-июнундагы өкүмүн күчүндө калтырып, кассациялык даттанууну канааттандыруусуз калтырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 16-февралында Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга, Эрмат Абылкасымовду 11 жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 7-июнунда Акинай Бекмурзаеванын жаза мөөнөтүн 10 жылга, Эрмат Абылкасымовдукун 9 жылга түшүргөн. Экөөнүн тең мүлкү конфискация болгон.

Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июлунда камакка алынган. “Ихсандын” Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

Сот жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыянды ортоктош тартипте өндүрүү чечимин кабыл алган. Башкача айтканда Бишкек жана Ошто жабыркагандар боюнча эки соттук териштирүү аяктап, өкүм чыккандан кийин жабырлануучуларга келтирилген зыян бөлүштүрүлүп берилет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG