Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:19

Котовскидеги Wildberries кампасы кайрадан бутага алынды

Wildberries'тин кампалары соңку бир айдан бери дээрлик күн сайын аткыланууда.
Wildberries'тин кампалары соңку бир айдан бери дээрлик күн сайын аткыланууда.

26-августка караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Тамбов облусундагы Котовск шаарында жайгашкан Wildberries маркетплейсинин ири логистикалык борборуна сокку урганын аймактын губернатору Евгений Первышов билдирди.

Анын айтымында, 16 дрон атып түшүрүлдү, бирок бирөө логистикалык борборго тийип, ири өрт чыкты. Өрттүн аянты болжол менен 40 миң чарчы метрди түздү.

Баштапкы маалымат боюнча, кампанын бир кызматкери жабыркады. Ошондой эле дрондордун сыныктары түшкөндөн кийин жеке турак үйлөрдүн бири өрттөндү.

Wildberries компаниясы маалыматты ырастап, кампадагы кызматкерлер эвакуацияланганын, жаңы товарларды кабыл алуу убактылуу токтотулганын маалымдады.

Котовск шаарындагы Wildberries логистикалык комплексинин жалпы аянты 108 миң чарчы метрди түзөт. Бул объект буга чейин да, 18-июлда дрон чабуулуна кабылганда ири өрт чыккан. Анда жети адам каза болуп, 25 киши жабыркаганы кабарланган.

Ошол эле учурда 26-августта Нижегород облусунун Кстово шаарындагы «Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез» мунай иштетүүчү заводунун аймагында да өрт чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Жергиликтүү тургундар социалдык түйүндөргө өрттүн видеолорун жарыялап жатышат. Бирок жергиликтүү бийлик чабуулдун кесепеттери тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кстоводогу завод Орусиядагы эң ири мунай иштетүүчү ишканалардын бири. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу болжол менен 15 миллион тоннаны түзөт. Ишкана Москва жана Москва облусун күйүүчү май менен камсыздаган негизги объекттердин катарына кирет.

Азырынча Украина бул чабуулдар боюнча расмий билдирүү жасай элек.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG